Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. "Эскерүү багы" акциясынан видео

Жазылуу
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарынын жаркын элесине арналган "Эскерүү багы" эл аралык акциясы өттү.
Акциянын алкагында ыктыярчылар Бишкектеги "Кызыл-Аскер" советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүнө 80 түп дарак отургузушту. Негизи ар бир жаран өзүнүн согушка катышкан ата-бабасына арнап бак тиксе болот.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лесниченко дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстеликтер алып салынып жатканын айтып, бүгүн тигилген дарактар келечек муунга мекен үчүн кан-жанын аябагандар тууралуу эстелик болуп каларын кошумчалады.
Улуттук илимдер академиясынын академиги Розалия Джээнчураева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Согушту чек арадан тосуп алдык... Академик Розалия Дженчураеванын маеги
Согуштун башталышынын 80 жылдыгына багышталган акцияга дүйнө жүзү боюнча 300 миңдей адам кошулду.
Иш-чаранын максаты — Улуу Жеңиштин, тынчтыктын жана достуктун урматына дүйнө жүзү боюнча 27 миллион дарак отургузуу. Биринчи жолу эскерүү багы 2020-жылы Россияда согуш учурунда каза болгондордун жаркын элесине арналып тигилген.
Анда согушта курман болгон 27 миллион адамдын жаркын элесине арналган алгачкы дарактар Севастополь, Керчь, Симферополь, Феодосия, Волгоград, Новороссийск, Анапа жана Грозный шаарларында отургузулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0