Брифинг аяктаган соң министр Алымкадыр Бейшеналиев жана башка медиктер вакцинанын биринчи дозасын алышат.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.
Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.
Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).
Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук соту саясий серепчи Марат Казакпаевдин бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, соттун чечими менен Казакпаев 2021-жылдын 14-июнуна чейин камакта болот.
Эске салсак, 14-апрелде УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деп эки адамды кармаган. Алардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени айтылган болчу.
Комитеттен эске салышкандай, мыйзамга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылгандардын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.Марат Казакпаев 55 жашта. Буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.
Көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча пикирин айтып келет.