Токтогул суу сактагычында суу калбай калганын көрсөткөн видео тарады

Жазылуу
Быйыл суу аз болуп, керектөөнүн көлөмү өскөндүктөн Кыргызстан электр энергияны сырттан алууну пландап жатат. Ошондой эле аны ТЭЦте чыгаруу да каралууда.
Социалдык тармакта Токтогул суу сактагычынын жанынан өтүп бараткандар тарткан видео тарап жатат. Анда алар суу сактагычта суунун калбай калганын айтып, көрсөтүүдө.
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматы боюнча, 1-апрелге карата Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард 716 миллион куб метрди түзөт. Туура бир жыл мурда 3 миллиардга көп болчу.
Эске салсак, суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард куб метр, минималдык деңгээл 5,5 миллиардды түзөт.
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Жарык кайрадан өчүрүлө баштайбы?
Суунун агып кириши секундасына 174 куб метр, ал эми агып чыккан суунун көлөмү 313 куб метрге жеткен.
Адистер буга чейин 2008-жылы адам фактору, суунун агызылышы жана Токтогул суу сактагычындагы көлөмдү үнөмдөө электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнө алып келгенин айтышкан. Кыргызстандыктар ошол мезгилде суткасына алты сааттан жарыксыз отуруп калган. Ушундай эле картина 1997-жылы жана 2014-жылы да байкалган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эмнеге мынчалык маанилүү?

Токтогул ГЭСи — өлкөнүн ири станциясы жана энергетикалык кыркасы, Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгү. Жылытуу мезгилин өткөрүү көбүнесе ушундай эле аталыштагы суу сактагычтагы көлөмдөн көз каранды. Дал үнөмдөө максатында 2008-жылы электр кубатын берүү чектелип, маал-маалы менен өчүрүлгөн. Ал эми 2014-2015-жылдары сырттан сатып алганбыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0