Россия Суэц каналын алмаштырчу жол тапты. Түндүк деңиздин кандай келечеги бар?

(жаңыланган 15:59 02.04.2021)
Россияда Суэц каналын алмаштыра турган жолду аташты. Вице-премьер Юрий Трутневдин пикиринде, ал Түндүк деңиз жолу (ТДЖ) болушу мүмкүн. Түндүк деңиз жолу — Россиянын кеме жүргөн башкы арктикалык магистралы.

Ал Карс дарбазасынан Чукоткадагы Дежнёв куймасына чейин созулат. Дүйнөдөгү маанилүү болгон соода деңиз жолу — Суэц каналынын альтернативалык варианты туурасында Ever Given контейнер ташыгычтын чатактуу окуясынан кийин айта башташты. 26-мартта кеме каналдын 151-метринде суунун тайыз жерине келип отуруп калган. Эсептөөлөргө караганда, бул дүйнөлүк экономиканы миллиарддаган доллар чыгымга учуратты. Чындыгында эле Түндүк деңиз жолу Суэц каналына жакшы альтернатива болобу? Түндүк деңиз жолунун кандай келечеги бар экенин биздин видеодон көрүңүз.

Белгилер:
Суэц каналы, деңиз, келечек, альтернатива
Тема боюнча
Күнүнө 10 млрд. доллар чыгым. Суэц каналында "туруп" калган кеме жылдырылды

Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот

(жаңыланган 16:28 14.04.2021)
Россия 1-июнга чейин деп Түркия жана Танзания менен аба байланышын чектеди. Буга коронавирус менен ооругандардын санынын көбөйүшү себеп болууда.

Бүгүнкү күндө коронавирустун үчүнчү толкуну күчүндө, мындан улам европалык мамлекеттердин көбү катаал карантинге кайтууга аргасыз болуп турат.

Абалга көз чаптырып, 2021-жылкы туристтик сезон былтыркыдай эле үзгүлтүккө учурайт деп боолголосок болчудай.

Белгилер:
карантин, чектөө, туристтик сезон, коронавирус, Танзания, Түркия, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт

Толкун менен жарышып сёрфинг тепкен спортчулардын бүйүр кызыткан видеосу

Динамикалуу музыканын ыргагында сёрфинг тепкен спортчулар укмуштуудай трюктарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.

Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.

Белгилер:
толкун, спорт, серфинг
Тема боюнча
Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу
Автоунаанын мамлекеттик номерлери. Архив

Кыргызстан жараксыз автоунаа номерлерин темир катары 12 млн. сомго сатты

(жаңыланган 16:30 14.04.2021)
2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Аны сатууга аукцион уюштурулду.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.

"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.

"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилер:
алюминий, темир, мамлекеттик номер, аукцион, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн