Айран, топурак менен тарткан эмгектерине "жан киргизип". Сүрөтчү Төлгөбектин видеосу

Төлгөбек Койчуманов — Кыргызстандагы алдыңкы сүрөтчүлөрдүн бири. Ал эмгектерин башкалардан өзгөчө ыкма менен тартып, аны элге креативдүү жеткирүү жагынан айырмаланып турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги сүрөтчүнүн таланты менен таанышты.

Бир бөлмөлүү өнөркана, ичи толо түрдүү сүрөт. Алардын арасынан Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү көзгө дароо урунду. Аны Төлгөбек Койчуманов топурак менен тарткан. Сүрөтчү картинанын түп нускасын жазуучунун үй-музейине бергенин айтып, мындай өзгөчө сүрөттөр жөн жерден жаралбайт дейт.

"Сүрөттөрүмдү жөн эле топурак менен тартып койбостон, анын уңгусуна басым жасагым келген. Кыргыз эли топуракты ыйык тутат. Мисалы, "туулган жердин топурагы алтын", туулган жерди таштап кетсе "топурагымды түйүп берем" дешет, адамдын көзү өтсө, барып топурак салабыз. Ушул нерсеге басым жасап, ачып бергим келген. Саякбай Каралаевдин сүрөтүн айран менен тарткам. Бизде акты жерге төкпөйт. Бийик кармап жүрөбүз. Ошол себептен улуу адамдын образын ак менен түшүндүргүм келди", — деди Койчуманов.

Сүрөтчү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылында төрөлүп, балалыгы да ошол жакта өткөн. Сүрөт тартып калуусуна Ысык-Көл да себеп болгонун белгиледи.

"Бала кезде Ысык-Көлдүн сулуулугун айтып, сүрөттөп берүүгө сөз байлыгым жетчү эмес. Анан сүрөт тартууга шыктуу болгондуктан ичимдеги сезимдерди сүрөт аркылуу бере баштадым. Тандап алган кесибим үчүн эч өкүнбөйм. Бул кесиптин акчасы аз, Кыргызстанда укмуш байып кеткен деле сүрөтчү жок. Бирок биз өзүбүз сүйгөн иш менен алектенип жатабыз. Бул адамга бардык жагынан пайдалуу деп ойлойм", — дейт сүрөтчү.

Койчуманов топурак, айран менен Саякбай Каралаев, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Токтогул Сатылганов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлардын сүрөтүн тартып, үй-музейлерине, фонддоруна белек кылган. Анын эмгектери чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө коюлуп, кымбат бааланып келет.

"Бир картинамды Германиядан Кыргызстанга келген конок 3 000 долларга сатып алган. Ал картина менин бала кезиме байланыштуу "Адашкан жолдор" деп аталат. Сүрөттө кичинекей бала чөптүн арасына адашып кирип кетип бара жатканы көрсөтүлгөн. Ошол сүрөт өзүмө да аябай жакчу. Айла жок бергенге туура келген"¸— деди ал.

Таланттуу сүрөтчү картиналарды жаратып тим болбостон, аларга "жан киргизип" анимацияны өзү үйрөнгөн. Кийинчерээк "Аку" аттуу анимациялык көркөм фильм тарткан. Көркөм фильмдерде сүрөтчү-декоратор болуп да иштеп, бир нече кинофестивалда "Мыкты сүрөтчү" номинациясын алган.

Белгилер:
видео, айран, топурак, сүрөтчү, Төлгөбек Койчуманов
Тема боюнча
Мурзаханов: Назарбаевдин мен тарткан портретин мурдагы бийлик өзүнө белек кылган
Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү менен маек
Гапар Айтиев — өмүр баяны

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 01:10 15.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.

Белгилер:
сүрөтчү, актер, видео, Улуттук банк, Сүймөнкул Чокморов
Тема боюнча
Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты

UFC Валентина Шевченконун мыкты ирмемдерин жарыялады. Видео

(жаңыланган 19:18 14.04.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube-каналында дивизиондун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун видеосу жарыяланды.

Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.

Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).

Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.

Белгилер:
беттешүү, кармаш, нокаут, мушкер, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Ай чырайлуу мушкер дебюттук кармашында атаандашын оор нокаутка кетирди. Видео
Саясий серепчи Марат Казакпаев. Архив

Саясий серепчи Марат Казакпаевдин баш коргоо чарасы тандалды

(жаңыланган 09:59 15.04.2021)
Кечээ УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деп эки адамды кармаган. Алардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени айтылган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук соту саясий серепчи Марат Казакпаевдин бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, соттун чечими менен Казакпаев 2021-жылдын 14-июнуна чейин камакта болот.

Эске салсак, 14-апрелде УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деп эки адамды кармаган. Алардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени айтылган болчу.

Комитеттен эске салышкандай, мыйзамга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылгандардын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Марат Казакпаев 55 жашта. Буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.

Көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча пикирин айтып келет.