Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты

Жазылуу
Видеороликти режиссёр Руслан Акун тарткан. Кыргызстандыктар жакын арада Жусуп Баласагын, Саякбай Каралаев, Сүймөнкул Чокморов тууралуу дагы роликтерди көрө алышат.
Улуттук банк Facebook баракчасына акын Алыкул Осмонов жөнүндө таасирдүү ролик жарыялады.
Анда балдар үйү сүрөттөлөт. Дарыгерлер Алыкулду көрүп, тарбиячысына "бала керемет жол менен эле аман калбаса..." деп кетип калышат. Дарыгерлерден кийин тарбиячысы кирет. Алыкул эжесинин ыйлаганын байкайт, бирок тарбиячы аны билгизбей, алаксытат. Акын кийин чоңойгондо кыргыз элин алыска тааныта турганын айтат.
Играя на комузе, акын объясняет, что такое инфляция — видео Нацбанка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2019
Акындын тили, комуздун күүсү менен түшүндүрүлгөн инфляция. Видео
Сцена алмашат. Анда чоңойгон Алыкулдун эл алдында "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!" деген ырын окуп берип жатканын көрүүгө болот.
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева социалдык роликтер Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартылганын айтты. Анда улуттук валютага сүрөтү коюлган Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү. Улуттук банк калган үч видеону кийинчерээк жүктөй турганын кошумчалады.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0