Хабиб Pound-for-pound (салмагына карабастан мыкты деп табылган мушкер) бөлүгүндө бразилиялык легендарлуу Роналдону тандады.
Эстен тандыра соккон мушкер (нокаутер-рубак) наамына Швеция курама командасынын мурдагы капитаны Златан Ибрагимовичти атады.
Кардио-машина деген атакка Павел Недвед аттуу тарыхтагы эң ийгиликтүү чехиялык футболчуну көрсөттү.
Темирдей жаак (железная челюсть) деп 2006-жылы Италия курама командасы менен дүйнө чемпионатын уткан Мауро Каморанезини атады.
Техникасы мыкты грэпплер деген наамга дагестандык спортчу, Франциянын мурдагы капитаны, дүйнө чемпиону Зинедин Зиданды көрсөттү. Ал футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири деп саналат.
Ал эми дагы бир франциялык атактуу футболчу Эрик Кантона Хабибдин пикиринде, башкы трештокер деп саналат. Кантона "Манчестер Юнайтед" клубу менен Англиянын чемпиондугун төрт жолу уткан.
Мыкты балбан-мушкер деген наамга бразилиялык коргоочу Роберто Карлостун ысымы айтылды.
Greatest of all time (эң мыкты) деген наамга португалиялык Криштиану Роналду татыды. Ал айрым футбол адистеринин пикири боюнча, тарыхтагы эң мыкты футболчу деп табылган.
Анын жыйынтыгы менен аталган мекеменин кызматкери, 30 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Аны текшерүүгө алганда шымынын чөнтөгүнөн гашиш табылган. Ал эми анын бөлмөсүн тинтүү учурунда да шкафтан баңгизат чыккан.
Учурда бул ишке тиешеси бар делген дагы башка шектүүлөр изделип жатат.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 476 автобус бар. Бирок алардын ичинен 140ы гана иштеп, күн сайын эл ташууга 103 автобус чыгат. 156сы узак убакытка созулган оңдоп-түзөөдө жатса, 40 автобус майда-чүйдө оңдоолорго муктаж. Калган 140ы жарактан чыккан. Аларды эсептен чыгаруу боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.
“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасынын" эки автобазасы бар. Алар Кустанай жана 7-Апрель көчөлөрүндө жайгашкан. Дал ошол жерден адистер бузулган техниканы оңдоп, кайрадан ишке киргизишет.
Муниципалдык транспорттун басымдуу бөлүгүн түзгөн Евро-2 жана Евро-3 үлгүлөрүндөгү автобустардын бир бөлүгү Социалдык фонд берген 200 миллион сом насыяга сатып алынган. Бирок мекеме карызынан кутула албай калып, насыя жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган. Андыктан мекеме шаардык бюджетке карыз болуп калган.
Ал эми жалпысынан Бишкекте коомдук транспорт каттачу 135 маршруттун негизинде 1400 транспорт эл ташыганы чыгат.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.
Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.
Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.
Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.