Бөрүлөрдүн жаңы кадамы жакшы эле келе жаткан, бирок аткаминерлер айткандай, чалагайым кадр саясаты баарынын таш-талканын чыгарды. Эт комбинаттын директору тууганы балыкты кызматка алды. "Жардамчы" жакшы иштей албай, карышкырлардын жөнгө салынып калган өндүрүшүн өчөйттү. Жаман деле ою жок караламан калкын үйүрдүн башчысы менен балык өзү деле жамандык каалабай кагыштырып алды.
Жаалданган кашабалар ортосунда өз ара түшүнүк жок болгондуктан башчысын жара тартып, жеп коюшту. Тилекке каршы, кийинки келген жетекчи-бөрү мурдагы башчынын жолоюна түшүп, жакын тууганы эшекти жардамчы кылып алды. Окуя эмне менен аяктайт, эч ким билбейт, бирок баягы адат кайталанышы мүмкүн. Балким ар бир каармандын ой-туюму ойгонуп, баары жакшы болоттур..."Sputnik мультфильми" — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин окурманга дүйнөдө болуп жаткан экономикалык, социалдык, саясий жана башка татаал процесстерди каймана чагылдырып бере турган долбоору.
"Sputnik мультфильми" агенттиктин окурмандары көнүп калган адаттагы башка материалдарына окшобогону менен бирөөнүн намысына шек келтирүү максатын көздөбөйт. Мультфильмдеги кадрларды коштоо жана материалды берүү үчүн зарыл болгон тексттер окулуп, анын ичинен сленг колдонулат.
Бүгүнкү күндө коронавирустун үчүнчү толкуну күчүндө, мындан улам европалык мамлекеттердин көбү катаал карантинге кайтууга аргасыз болуп турат.
Абалга көз чаптырып, 2021-жылкы туристтик сезон былтыркыдай эле үзгүлтүккө учурайт деп боолголосок болчудай.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.
"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.