Окуянын видеосун Эдуард Тейхерт 2019-жылдын сентябрь айында эле тартып, кийинчерээк жарыялаган. Анда чагылгандай тез кыймылдаган антилопанын бир ажалдан калганын көрүүгө болот.
Анын жыйынтыгы менен аталган мекеменин кызматкери, 30 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Аны текшерүүгө алганда шымынын чөнтөгүнөн гашиш табылган. Ал эми анын бөлмөсүн тинтүү учурунда да шкафтан баңгизат чыккан.
Учурда бул ишке тиешеси бар делген дагы башка шектүүлөр изделип жатат.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 476 автобус бар. Бирок алардын ичинен 140ы гана иштеп, күн сайын эл ташууга 103 автобус чыгат. 156сы узак убакытка созулган оңдоп-түзөөдө жатса, 40 автобус майда-чүйдө оңдоолорго муктаж. Калган 140ы жарактан чыккан. Аларды эсептен чыгаруу боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.
“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасынын" эки автобазасы бар. Алар Кустанай жана 7-Апрель көчөлөрүндө жайгашкан. Дал ошол жерден адистер бузулган техниканы оңдоп, кайрадан ишке киргизишет.
Муниципалдык транспорттун басымдуу бөлүгүн түзгөн Евро-2 жана Евро-3 үлгүлөрүндөгү автобустардын бир бөлүгү Социалдык фонд берген 200 миллион сом насыяга сатып алынган. Бирок мекеме карызынан кутула албай калып, насыя жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган. Андыктан мекеме шаардык бюджетке карыз болуп калган.
Ал эми жалпысынан Бишкекте коомдук транспорт каттачу 135 маршруттун негизинде 1400 транспорт эл ташыганы чыгат.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.
Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.
Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.
Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.