UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео

(жаңыланган 11:24 08.04.2021)
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) өзүнүн YouTube каналына кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады.

Үч титулдук беттешти камтыган UFC 261 мелдеши 24-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтөт. Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камара Усман наамын коргоо үчүн Хорхе Масвидаль менен таймашат.

Ал эми кыргызстандык спортчу Валентина Шевченконун чемпиондук курун коргоо үчүн Жессика Андрада менен кармашы экинчи башкы беттеш болот. Буга чейин эң жеңил салмактын чемпиону болгон 29 жаштагы бразилиялык мушкер жакында эле жеңил салмак дивизионуна өткөн. Учурда ал Шевченко катышкан салмактагылар арасындагы рейтингде экинчи сапта турат.

UFC 261 мелдешинин дагы бир күтүлгөн беттеши кыздар дивизионунун эң жеңил салмактагы экс-чемпиону Роуз Намаюнастун кытайлык Вэйли Чжан менен кармашы болот.

Белгилей кетсек, мелдешке коронавирус пандемиясы тушунда алгачкы ирет көрүүчүлөр киргизилет. Өткөн аптада промоушендин башчысы 15 миң көрүүчү келе турган бул спорттук иш-чаранын билеттери бир канча мүнөттө эле сатылып кеткенин айткан

Белгилер:
Жессика Андраде, беттешүү, Валентина Шевченко, мелдеш, UFC
Тема боюнча
UFC Антонина Шевченко менен Андреа Линин беттешинин расмий постерин чыгарды
Валентина Шевченко катыша турчу UFC турниринин билеттерин эл талап кетти
Кайталангыс ирмемдер. Хабибдин UFC уюмундагы кармаштары бир видеого топтолду

Спецназ Бишкектеги түнкү клубда атайын операция жасады. Видео

(жаңыланган 14:26 10.04.2021)
Спецназ менен наркозаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Бишкектин түнкү клубдарынын биринде атайын операция жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, клубдагы диджей баңгизатты сатуу боюнча туруктуу канал уюштурганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам түнкү клубга атайын операция жасалып, тинтүү жүргөн.

Анын жыйынтыгы менен аталган мекеменин кызматкери, 30 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Аны текшерүүгө алганда шымынын чөнтөгүнөн гашиш табылган. Ал эми анын бөлмөсүн тинтүү учурунда да шкафтан баңгизат чыккан.

Учурда бул ишке тиешеси бар делген дагы башка шектүүлөр изделип жатат.

Белгилер:
Бишкек, түнкү клуб, атайын операция, ИИМ, спецназ, баңгизат
Тема боюнча
11 спецназдан айрылган. Кыргыз милициясынын "Шумкары" тууралуу эмне белгилүү
Шигаев: баңгизат жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы түзүлүүдө

Талкаланып, оңдоо кезегин күтүп... Бишкектин автобус паркынан тартылган видео

Бишкек мэриясы борбор калаадагы автобустар тууралуу толук маалымат берип, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" автопаркын көрсөттү.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 476 автобус бар. Бирок алардын ичинен 140ы гана иштеп, күн сайын эл ташууга 103 автобус чыгат. 156сы узак убакытка созулган оңдоп-түзөөдө жатса,  40 автобус майда-чүйдө оңдоолорго муктаж. Калган 140ы жарактан чыккан. Аларды эсептен чыгаруу боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.

“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасынын" эки автобазасы бар. Алар Кустанай жана 7-Апрель көчөлөрүндө жайгашкан. Дал ошол жерден адистер бузулган техниканы оңдоп, кайрадан ишке киргизишет.

Муниципалдык транспорттун басымдуу бөлүгүн түзгөн Евро-2 жана Евро-3 үлгүлөрүндөгү автобустардын бир бөлүгү Социалдык фонд берген 200 миллион сом насыяга сатып алынган. Бирок мекеме карызынан кутула албай калып, насыя жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган. Андыктан мекеме шаардык бюджетке карыз болуп калган.

Ал эми жалпысынан Бишкекте коомдук транспорт каттачу 135 маршруттун негизинде 1400 транспорт эл ташыганы чыгат.

Белгилер:
ремонт, мэрия, транспорт, автобус, Бишкек
Тема боюнча
Автобус менен троллейбуска жол кирени көтөрөлү. Бишкек мэриясынын сунушу
В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова

Бишкекте 14 жаштагы дагы бир өспүрүм кыз жоголду. Сүрөт

(жаңыланган 20:58 10.04.2021)
Кыздын энесинин айтымында, өспүрүм үч күн мурда Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.

Кечээ күнү милицияга кыздын энеси кайрылган. Ал 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да кызы Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген. 

В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова
© Фото / Пресс-служба УВД Свердловского района Бишкека
Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти

Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун. Үстүнө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында аппендицитти алгандан кийинки тырыгы бар (болжол менен 7 сантиметр).

Ферузанын жүргөн жерин билгендер болсо (0553) 10-23-87, (0557) 11-94-10, (0702) 49-88-88, (0709) 33-24-63 жана 102 номерине кабарлай алышат.

Борбор калаада 14 жаштагы Айбийке дагы дайынсыз болууда.

Белгилер:
милиция, өспүрүм, Бишкек
Тема боюнча
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги