Мамашова: Айзада чиновниктин эмес, жөнөкөй адамдын кызы болгону үчүн өлдү

Жазылуу
Эл өкүлү бийликтегилер өздөрү мыйзамды каалагандай бузуп жатып, натыйжада жөнөкөй жарандар өзүнүн түшүнүгү менен жашап калганын белгиледи.
Биз качан болбосун саясат менен алекпиз, элдин коопсуздугун карабайбыз. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.
Эл өкүлү жогорку бийликте отургандар мыйзамды өздөрү каалагандай бузуп жатып, мунун арты менен жөнөкөй жарандар дагы мыйзамды сактабай, өзүнүн түшүнүгү менен жашап калганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө эмне болуп жатканын көрүп жатасыздарбы? Эч ким, жадагалса парламентте отурган аял катары мен дагы коопсуздукту сезбейм. Тилекке каршы, Айзада жогорку кызматтагы аткаминердин кызы эмес экен. Тилекке каршы, жөнөкөй адамдын кызы. Бул коомчулукка чыгып билингени гана. Канча адамдын тагдыры талкаланып жатат, ала качып барып өлтүрүп, зордуктап, сабаган учурлар качанкыга чейин созулушу керек? Биз качан болбосун саясат менен алекпиз, качан экономика, элдин коопсуздугу менен алектенебиз? Дагы канча күтүш керек?!" — деди Мамашова.
Ошондой эле ал бул маселеге төрага Талант Мамытов көңүл кош карабай, өзү демилгелеп күн тартибине киргизиши керектигин белгиледи.
Андан соң Мамытов сунушту күн тартибине киргизүүнү депутаттар добуш берүү менен чече турганын айтты.

Айзаданын өлүмү

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Айзаданын өлүмүнө себепкер деген кишинин дайын-дареги айтылды

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0