Алгач "Уурдалган кызды эки күн бою таба албаган милициянын шалаакылыгы үчүн уялып жатасызбы?" деген суроо берилди.
Буга Аширходжаев милиция иштебей койду деген пикир менен макул эместигин айтты.
"Албетте, уялуу бар. Бирок милиция биринчи чалуу түшкөндөн баштап эле иштеп жаткан. Эки күн бою таппай калуу мүмкүн, болгон фактыны айтып жатабыз", — деди министрдин орун басары.
Бишкек шаардык милициянын башчысы да бул иште милициянын шалаакылыгы болбогонун айтат.
"Биз болгон күчтү тартып Чүй облусунун, Бишкек шаарынын аймагын, Ош жана Ысык-Көл багыты боюнча карап күндөп-түндөп иштедик. Мына, үч күндөн бери өзүм баш болуп уктай элекпиз. Жыйынтыгы ушундай болгонуна биз себепкер болгон жокпуз. Бирок милиция кызматкери, жетекчи жана жаран катары кейип турам", — деди Матмусаев.Журналист андан кийин "Айзаданын ордуна сиздин кызыңыз болгондо эмне кылмаксыз, милицияга кандай баа бермексиз?" деген суроо менен кайрылды.
Матмусаев каза болгон кыздын ата-энеси кандай кайгырып жатса, ал да ошондой кайгырып турганын билдирди.
Ал эми Аширходжаев кимдин кызы болбосун ушундай эле иш алып барарын айтты.
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
Бүгүнкү күндө коронавирустун үчүнчү толкуну күчүндө, мындан улам европалык мамлекеттердин көбү катаал карантинге кайтууга аргасыз болуп турат.
Абалга көз чаптырып, 2021-жылкы туристтик сезон былтыркыдай эле үзгүлтүккө учурайт деп боолголосок болчудай.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.
"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.