Таажыны башынан жулуп алып. Сулуулар сынагындагы чатактын видеосу

(жаңыланган 11:45 09.04.2021)
"Миссис Шри-Ланка — 2021" сынагынын финалы чатак менен коштолуп, ал көрүүчүлөрдү бир жагынан таңгалдырса, бир жагынан түшүнүксүз суроолорду жараткан.

Чыр жеңген сулуу менен калыстар тобунун мүчөсүнүн ортосунда болгон.

Sputnik Түркиянын билдиргенине караганда, "Миссис Шри-Ланка" конкурсунда Пушпика Де Силваны биринчи орунду алышы менен куттуктоо салтанаты жүрүп жатканда 2019-жылдагы сынактын жеңүүчүсү сахнанын артынан басып келип, кыздын башынан таажыны жулуп алган. Бул окуя түз эфир учурунда болгон. Ал Де Силва күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен мындай сынакта биринчи орунга татыбайт деген пикирин билдирген.

"Ажырашкан аялдарга конкурска катышууга тыюу салынган. Ошон үчүн таажыны экинчи орунга татыган кызга бериш керек", — деген нааразы болгон Каролин.

Видеодон калыстар тобунун бири Де Силванын башынан таажыны жулуп алып башка катышуучуга бергенин көрүүгө болот. Ыңгайсыз абалда калган келин ыйлаган тейден сахнадан чыгып кеткен.

Кийинчерээк Facebook социалдык тармагына Пушпика Де Силва чатактан кийин башынан жаракат алып, ооруканага кайрылгандыгын жазган. Ал "негизсиз жана анын беделине шек келтирген күнөөлөө" үчүн сотко кайрыларын айткан. Андан сырткары, ажырашканы боюнча маалыматты четке каккан.

Сынактын уюштуруучулары калыстар тобу мындай кадамга барбашы керек болчу деген пикирин айтып, чатак чыгып кеткенине өкүнгөндүктөрүн билдиришкен. Маалыматта таажыны биринчи ээсине, Де Силвага кайтарып беришкени айтылат.

Белгилер:
Шри-Ланка, видео, калыстар тобу, чатак, сулуулар сынагы
Тема боюнча
Эркектер тийишип... "Казакстан сулуусунун" финалисти идиш жууп иштеген видео
Кыргызстандагы эң сулуу келин аныкталды. Сүрөттөр
Татарстандагы таң калтырган сулуулар. Конкурска катышкан чүрөктөрдүн 12 сүрөтү

Спецназ Бишкектеги түнкү клубда атайын операция жасады. Видео

(жаңыланган 14:26 10.04.2021)
Спецназ менен наркозаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Бишкектин түнкү клубдарынын биринде атайын операция жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, клубдагы диджей баңгизатты сатуу боюнча туруктуу канал уюштурганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам түнкү клубга атайын операция жасалып, тинтүү жүргөн.

Анын жыйынтыгы менен аталган мекеменин кызматкери, 30 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Аны текшерүүгө алганда шымынын чөнтөгүнөн гашиш табылган. Ал эми анын бөлмөсүн тинтүү учурунда да шкафтан баңгизат чыккан.

Учурда бул ишке тиешеси бар делген дагы башка шектүүлөр изделип жатат.

Белгилер:
Бишкек, түнкү клуб, атайын операция, ИИМ, спецназ, баңгизат
Тема боюнча
11 спецназдан айрылган. Кыргыз милициясынын "Шумкары" тууралуу эмне белгилүү
Шигаев: баңгизат жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы түзүлүүдө

Талкаланып, оңдоо кезегин күтүп... Бишкектин автобус паркынан тартылган видео

Бишкек мэриясы борбор калаадагы автобустар тууралуу толук маалымат берип, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" автопаркын көрсөттү.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 476 автобус бар. Бирок алардын ичинен 140ы гана иштеп, күн сайын эл ташууга 103 автобус чыгат. 156сы узак убакытка созулган оңдоп-түзөөдө жатса,  40 автобус майда-чүйдө оңдоолорго муктаж. Калган 140ы жарактан чыккан. Аларды эсептен чыгаруу боюнча маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилген.

“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасынын" эки автобазасы бар. Алар Кустанай жана 7-Апрель көчөлөрүндө жайгашкан. Дал ошол жерден адистер бузулган техниканы оңдоп, кайрадан ишке киргизишет.

Муниципалдык транспорттун басымдуу бөлүгүн түзгөн Евро-2 жана Евро-3 үлгүлөрүндөгү автобустардын бир бөлүгү Социалдык фонд берген 200 миллион сом насыяга сатып алынган. Бирок мекеме карызынан кутула албай калып, насыя жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган. Андыктан мекеме шаардык бюджетке карыз болуп калган.

Ал эми жалпысынан Бишкекте коомдук транспорт каттачу 135 маршруттун негизинде 1400 транспорт эл ташыганы чыгат.

Белгилер:
ремонт, мэрия, транспорт, автобус, Бишкек
Тема боюнча
Автобус менен троллейбуска жол кирени көтөрөлү. Бишкек мэриясынын сунушу
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана COVID-19 жок саякатта долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Марипов авиабилеттерди арзандатуу боюнча кеңешме өткөрүп, тапшырма берди

(жаңыланган 20:06 10.04.2021)
Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгы айтылат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бир катар мамлекеттик ведомстволордун чабал ишинин натыйжасында чет өлкөгө бараткан жарандарга негиздеме жасоо бизнеске айланды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Кыргызской Республики Улукбек Марипов провел совещание по вопросу снижения цен на авиабилеты и реализации проекта Путешествий без COVID.
    Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана "COVID-19 жок саякатта" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
"Сиздердин аракетсиздигиңерден улам сапарга чыгууга муктаждыкты тастыктоочу "негиздеме" документти айрым ишкерлер бизнеске айлантып алды. Долбоорду 1-апрелден тарта ишке киргизишиңер керек эле. Биздин жарандар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЦР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?" — деп сурады Марипов.

Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеген.

Аны менен катар премьер-министр анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүгө тапшырма берди.

Бул маселе өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын кошумчалаган.

Белгилер:
лаборатория, арзандатуу, авиабилет, Улукбек Марипов, өкмөт
Тема боюнча
Кыргызстандын жарандары Россияга негиздемеси жок кириши мүмкүн
Жапаров: Россияга каттаган рейстер менен авиабилет баасын өз көзөмөлүмө алдым