Ааламдагы эң күчтүү адам аныкталып, дүйнөлүк рекорд жаңыланды

Жазылуу
Чемпионатта эң оор салмактагылардын арасында Армения командасынын атлеттери Гора Минасян, Вараздат Лалаян экинчи жана үчүнчү орунду ээлешкен.
Грузиялык оор атлетчи Лаша Талахадзе дүйнөлүк рекорд жаратып Европа чемпиону болду. Мындай ийгиликти Талахадзе бешинчи ирет удаасы менен багындырып жатканын Sputnik Грузия жазып чыкты.
Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу
Анын жалпы (эки түрүн кошкондо) көрсөткүчү 485 килограммды түздү. Талахадзе өзүнүн мурдагы көрсөткүчүнөн (262) бир килограмм, ал эми жулкуп көтөрүүдө мурдагысынан (220 килограмм) дээрлик эки килограмм оор салмакты багындырган.
Чемпионатта эң оор салмактагылар арасында Армения командасынын атлеттери Гора Минасян (464 килограмм), Вараздат Лалаян (445 килограмм) экинчи жана үчүнчү орунду ээлешти.
Эркектер арасындагы жалпы командалык эсепте Грузия курама командасы үчүнчү сапта калды. Армения биринчи, Болгария экинчи орунду алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0