Адам баласынын космоско учушу. 60 жыл мурунку легендарлуу видео

Жазылуу
60 жыл мурун болгон окуя экенине карабай, аны жыл сайын эстейбиз. Дал ушул күнү Юрий Гагарин космоско учуп, адамзат үчүн жаңы тарыхтын бетин ачкан.
Адам баласынын космоско учушу Жердин бардык жашоочуларынын башын бириктирген эле. "Восток-1" деп аталган советтик космостук кеме планетаны 1 саат 48 мүнөттө айланып чыккан.
Учууга бир жыл даярдык көрүлгөн. Алты талапкердин ичинен Гагаринди стартка бир нече күн калганда тандап алышкан.
Бул космос доорунун башталышын шарттаган эле. Эки жылдан кийин орбитага аял киши — Валентина Терешкова учса, дагы бир жыл өткөн соң Алексей Леонов ачык космоско чыккан алгачкы адам болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0