Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

Жазылуу
Далбас уруп арстандан качкан элик жырткычты кыйла артта калтыргандай болгон. Бирок капыстан аңга түшүп кетип жем болгону видеого түшүп калган.
Кадр Кениянын түштүк-батышындагы Масаи-Мара коругунда тартылганын National Geographic жазды. Бул жаратылыш паркы арстандары менен белгилүү. Анда бул жырткычтын саны 900гө жакын. Аңчылыкка ургаачылары гана чыгат.
Видеодон жаш арстан эликтин артынан түшүп, бирок аны кармоого кокустук гана жардам бергенин көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0