"Кыйратуучу сокку". Нигериялык мушкер атаандашын оор нокаутка кетирген видео

Жазылуу
Оор салмактагы кесипкөй боксчу, нигериялык Эфе Аджагба Top Rank Boxing мелдешинде америкалык Брайан Ховардды нокаутка бүк түшүрдү. Анын оң колдоп, атаандашын баш тушуна уруп жыга чапкан видеосун бокс уюму өзүнүн YouTube каналына жарыялады.
Кесипкөй бокстан оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
58 жаштагы бокс легендасы Эвандер Холифилд рингге чыгат
Бул окуя алып баруучуларды таң калтырып, алардын бири бул соккуну "кыйратуучу" деп атады.
Учурдун видеосу соцтармактарга заматта тарап, уюмдун расмий баракчасынан кыска убакытта эле эки миллиондон ашык киши көргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0