Милиция таяк жеп жатат, Бишкекке дагы 4 РИИБ ачалы. Рысалиевдин сунушу видеодо

135
(жаңыланган 19:00 15.04.2021)
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев 2019-жылы колдонууга чыгарылган Жазык кодекстерин жокко чыгарууну жана Бишкекте милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү сунуштады.

Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү тартип сакчыларынын саны аз болгондуктан митинг учурунда элден таяк жей берип жалтак болуп бүткөнүн айтты.

"Эгемендүүлүктү алгандан бери Бишкекте төрт эле райондук милиция иштеп жатат. РИИБдердин саны качан көбөйөт? Элдин саны өсүп, милициянын иши күн санап көбөйүүдө. Түркия, Кытай, Америкада митингге 5000 адам чыкса, 10 000 полиция кызматкерин коёт. Ал эми бизде 10 000, 20 000 киши чыкса да 2 500 милиционер турат. Байкуштарды таш, келтек менен урасыңар, жеткен жерден желкеге чабасыңар. Алар таяк жей берип жалтактап бүттү. Ошондуктан Бишкекке дагы төрт РИИБ кошуп берүүнү сунуштайм", — деди Рысалиев.

Ошондой эле 2019-жылы күчүнө кирген Жазык кодекстери өзүн актабаганын айтып, аларды жокко чыгарып 1994 жана 1997-жылкы кодекстерге кайтып келүүнү демилгеледи.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев 2010-2012-жылдары ички иштер министри, андан кийин бир жыл Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген.

135
Белгилер:
депутат, сунуш, РИИБ, милиция, митинг, Зарылбек Рысалиев
Тема боюнча
Дастан Бекешев педофилдерди бычуу демилгесин кайрадан көтөрдү
Казино мыйзамына каршы болгондор Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Сүрөттөр
Айзаданын өлүмү. ИИМ алдындагы митингчилерди 50дөй киши кубалап таратты. Видео

Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео

148
(жаңыланган 11:16 13.05.2021)
Бүгүн мусулман эли Орозо айтты белгилеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаалдан улам эл айт намазга борбордук аянттарга эмес, мечиттерге гана чогулду. 

Бишкек шаарында  Имам Сарахси атындагы башкы мечитте  шаардын миңдеген тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы окулду.

Намазга эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15те башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев "Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери" деген темада баяндамасын жасап, кыргызстандык мусулмандарды куттукташты.

Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң куран окулуп, маркумдарга жана Баткен окуясында каза тапкан бир туугандардын арбактарына багышталды.

Быйыл орозо айы 13-апрелде башталып, 30 күнгө созулду. Айт күнү мусулмандар тууган-уруктарынын үйүнө барып ал-жай сурап, айттап, ошондой эле көзү өтүп кеткен жакындарына багыштап куран окушат.

148
Белгилер:
мечит, майрам, орозо айт, Айт намаз, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Үч түрдүү бата дароо кабылданат деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек

Алоолонуп, от чачып. Күндүн бир жыл ичиндеги жашоосу видеодо

96
NASA тынбай жарык чачкан Күндүн динамикасына өзүнүн обсерваториясында байкоо салып, улам тартып алып турган видеону жарыялады.

Бул көз салуу 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 28-январына чейин уланганын өздөрүнүн сайтына маалымдады. Тынымсыз жазылган видео монтаждалып, кызыккандарга сунушталды. Андан алоолонгон, табы куйкалап кеткен Күн кантип "жашаганын" майда-чүйдөсүнө чейин көрсө болот.

Обсерватория ар бир 12 секундада толкундардын ар кандай узактыгында 10дон сүрөт тартып алып турган. Анын жыйынтыгы менен жасалган видеодон ар кайсы жеринен от бүрккөн тоголок фигураны көрүүгө болот. Бул – бизге жарык чачып, энергиясын берген Күн.

Роликтен Күн бирде чоңоюп, бирде кичирейип турганы байкалат. Муну адистер обсерваториянын спутниги менен Күндүн ортосундагы аралык дайыма бирдей болбогондугу менен түшүндүрүшкөн.

96
Белгилер:
обсерватория, NASA, күн
Тема боюнча
Фотофакт: Бишкекке жарык чачкан толгон Ай
Ишениш кыйын! Кыргызстанды космос менен байланыштырган 60 факты
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

90
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

90
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр