Дозасын президент гана билет. Министрдин уу коргошун боюнча маалыматы видеодо

Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болду. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырды.
Министр кайнатылган уу коргошунду кантип ичиш керектигин журналисттерге көрсөтүп берди. Ал бөтөлкөдөгү дары чөптү электр чайнегине куюп кайнатып, андан соң бир кружкага куюп ичти. Ошондой эле ал муну туура эмес колдонсо адам бир нече көз ирмемде эле каза болорун айтты.
Бейшеналиевдин айтымында, бүгүнкү күндө уу коргошунду колдонуу эрежеси дарыгерлерге үйрөтүлүп, COVID-19 менен ооругандарга берилүүдө. Муну ичкен 300гө чукул бейтап айыгып чыккан.
"Өтө оор абалда реанимацияда жаткандарга бул дары чөптү бербейбиз. Жеңил түрү менен ооругандар ичип, сакаюуда. Ар ким өз алдынча эмес, ооруканада же дарыгердин көзөмөлүндө ичиши керек. Эгер муну муздак ичип алса же артынан муздак суу ууртап, балмуздак жеп алса беш мүнөткө жетпей өлүп калат. Биз жалпы 1000 адамга берип сыноодон өткөрүп алсак, муну патенттейбиз", — деди министр.
Ошону менен катар Бейшеналиев бул дары клиникалык сыноодон өтүп коопсуз экени далилдене электигин мойнуна алды. Муну президент Садыр Жапаров атасынан үйрөнгөн ыкмага таянып жасап жатканын жашырган жок.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Садыр Жапаров уу коргошун кайнатканды кимден үйрөнгөн?
"Кыргыздар кылымдардан бери уу коргошун менен бир топ ооруну дарылап келген. Президентибиз бул чөптөн дары жасаганды атасы Нуркожодон үйрөнүптүр. Ал кандай тамырды канча сууга кошуш керектигин өзү көрсөтүп кайнатууда. Мен дагы Садыр Нуркожоевичти күнүгө бир саатка келип үйрөтүп кетиңиз деп суранып жатам. Азыр аны менен кеңешип жасап жатабыз. Былтыр COVID-19 башталганда Жапаров абакта отуруп, ошол кездеги өлкө башчы Жээнбековго уу коргошунду дары катары сунуштаган. Бирок ал Жапаровдун катын окубаптыр дагы", — деди министр.
Саламаттык сактоо министри кимдир бирөө ооруканада уу коргошундан каза болсо жоопкерчилик алууга даярдыгын, ал эми өз алдынча ичкендерге жооп бербей турганын билдирди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирүү таратып, сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын эскертти. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталарын эске салган.
Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0