Аягына чейин турду. Крокодилдин оозунан суурулуп чыккан антилопанын видеосу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКрокодил. Архив
Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
WildEarthTV каналынын тартуу тобу Кенияда крокодил менен гну антилопасынын укмуштуудай кармашын видеого түшүрүп калганын National Geographic Россия сайты жазды.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кениядагы Масаи-Мара улуттук паркында жырткыч менен гну антилопасынын катуу кармашы болуп, ал видеого тартылып калган.
Андан бир нече антилопанын суудан чыгып келе жатканын, бирок бирөөсү улам сууга кирип-чыгып далбастаганын көрүүгө болот. Ал крокодил менен алышып жаткан эле.
Жырткыч анын бутунан сууга тартып, жем кылууга аракет кылган. Бирок гну антилопасы артка чегинген эмес. Кармаш 25 секундага созулуп, акыры антилопа жырткычтын оозунан суурулуп чыгып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0