Аукционго коюлду. Гүлнара Каримованын укмуш кооз эс алуу жайынын видеосу

Жазылуу
Өзбекстандын мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча агенттиги "Сиджак" эс алуу үйүн сатыкка койду. Аталган дача буга чейин өлкөнүн мурдагы президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовадан конфискацияланып алынган.
Тоодо жайгашкан кычыраган дачаны көрүүгө журналисттер чакыртылган. Эс алуу жайынын видеосу жергиликтүү Kun.uz. басылмасына жарыяланды.
Курорттук зона деңиз деңгээлинен 959 метр бийиктикте Ташкент облусунун Бостанлык районунда жайгашкан. Комплекстин жалпы аянты 5,38 гектарды түзөт. Анын ичинде мейманкананын имараты, бир нече бассейн, амфитеатр, коттедж жана башка курулуштар бар.
Гүлнара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2020
Гүлнара Каримованын 10 млн. долларын Франциядан Өзбекстанга беришти
Эс алуу жайы Каримованын мамлекетке жасаган кылмыш иштери үчүн 2017-жылы компенсация иретинде өткөрүлгөн. Кийинчерээк бул жай Триатлон федерациясына убактылуу пайдаланууга берилген.
Өзбекстандын мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги аукционго катышуу боюнча арыздарды 2021-жылдын 30-апрелине чейин алары айтылды.
Мындан сырткары, аукционго буга чейин Гүлнара Каримова ээлик кылган "Пойтахт" бизнес-борбору, "Ичан кала" мейманканасы жана "Бельдерсай" эс алуу жайы да коюлган.
Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, сот анын абак мөөнөтүн 13 жыл төрт айга көбөйткөн.
Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0