Муштум кезеп, теше тиктеп. Шевченко менен Андраденин таразага түшкөн видеосу

2260
(жаңыланган 22:02 24.04.2021)
АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында көп күттүргөн UFC 261 турниринин алдында мушкерлер таразага түшүштү. Алардын арасында кыргызстандык белгилүү мушкер Валентина Шевченко дагы бар.

Шевченко эртеңки турнирде жеңил салмак категориясындагы UFC чемпиону титулун бешинчи ирет коргоо үчүн беттешет. Бул ирет анын атаандашы экс-чемпион, бразилиялык Жессика Андраде болду.

Таразага түшүүнүн жыйынтыгында кыргызстандык спортчунун да, каршылашынын да салмагы 56,2 килограмм чыкты.

Турнир Жексонвилл шаарында 15 миң күйөрмандын катышуусу менен 24-апрелде өтөт. Бишкек убактысы боюнча 25-апрелге эртең мененки убакка туш келет.

2260
Белгилер:
турнир, мушкер, Жессика Андраде, Валентина Шевченко
Тема:
Валентина Шевченко Жессика Андраденин беттеши (19)
Тема боюнча
Ийинин таптап... Андраде Шевченко менен кантип тиктешти. Видео
Дана Уайт: Шевченко удаасы менен эки супер беттеш өткөрүшү мүмкүн

Баары бир күчтүү экен. Арстан менен крокодилдин суу ичинде кармашкан видеосу

74
(жаңыланган 10:29 18.05.2021)
Ботсванадагы жаратылыш парктарынын биринде туристтер крокодил менен арстандын кармашына күбө болгон.

Эки арстан суу ичип, андан соң көлмөнүн ичинде сүзүп жүргөндө аларга алыстан байкоо салган башка жырткыч кол салууну чечкен. Видеодон жаныбарлар падышасынын кичүүсү алдыда, чоңураагы артта сууда кетип бара жатканын, ал эми бир нече метр аралыкта крокодил байкатпай сүзүп келгенин көрүүгө болот.

Жакындаганда илгиртпей тиштеп, көлмөнүн түбүн көздөй тартканы менен арстан күрүлдөгөн тейде кол салып, кичүүсүн сактап калган. Ал эми өзү крокодил менен алышып, суу алдында калган. Туристтер буга тынчсыздангандыгын, бирок бир нече убакыттан кийин окуя болгон жерден алысыраак аралыктан арстандын суудан чыкканын жазышкан.

74
Белгилер:
кармаш, турист, крокодил, арстан, жаратылыш
Тема боюнча
Аягына чейин турду. Крокодилдин оозунан суурулуп чыккан антилопанын видеосу

Исландияда жанар тоо жайгашкан жерди сатыкка коюшту. Видео

27
Фаградальсфьядль вулканы жайгашкан жерге жергиликтүү үй-бүлө ээлик кылат. Алар аймакты бөлүп же толугу менен сатканга макул.

Исландияда Фаградальсфьядль вулканы ойгонуп жаткан жер сатыла тургандыгын Bloomberg агенттиги жазды.

Аймак Храун дыйкан чарбасына тиешелүү. Анна Тордис Гудмундсдоттир бул жер алардын ата-бабасынан калганын айтып, "кимдир бирөөлөр эл келип, кызыгып карай турган жай курса" деген ниетин билдирген.

Тилкенин бөлүгү же баары толугу менен сатылмакчы. Анна эки кардар чыгып, жакшы баа сунуштаганын да айтып берген.

"Бул аймак өзүнө ылайык баага сатылат, бизге кеминде эки кишиден сунуш түштү", — деген ал.

Адистер жанар тоонун атылышы бир нече жылдарга созулушу мүмкүн экендигин айтып, бул жерге болгон кызыгуу барган сайын артарын кошумчалашкан.

Исландиянын бийлиги ал тилкени сатып алуугу ашыккан жок. Бирок автоунаалар токтоочу жай, тик учак конуучу аянтча жана туристтерди тейлей турган борбор курууга жарым миллион доллар бөлүп берүүгө даяр экендигин айткан.

Маалымат үчүн айтсак, Фаградальсфьядли 2021-жылдын март айынан тарта ойгоно баштаган. Жанар тоо Рейкьявиктиен түштүк-батышты карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан.

27
Белгилер:
аукцион, сатык, жанар тоо, Исландия
Тема боюнча
Жалын шыркырап агып. Исландияда тынч жаткан жанар тоонун ойгонгон видеосу
Коронавируска анализ жасоо үчүн үлгү алып жаткан медицина кызматкери. Архив

Коронавирус 234 кишиге жугуп, жети бейтап көз жумду

8
(жаңыланган 11:46 18.05.2021)
Акыркы суткаларда өлкө боюнча күн сайын 7-8 адамдын өмүрү кыйылууда. Жалпысынан коронавирустан 1 718 адам каза тапты.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өлкө боюнча бир сутка ичинде 234 кишиден коронавирус табылып, 282 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары — 112;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 81;
  • Ош облусу — 25;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен — 3;
  • Ош облусу — 6.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 100 966га жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары — 187;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 61;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Баткен — 1.

Жалпысынан 94 168 бейтап дартты жеңди.

Тилекке каршы, өткөн суткада илдет дагы жети адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен алтоо Бишкектен болсо, бири Чүйдөн экени белгилүү болду. Жалпысынан коронавирустан 1 718 адам каза тапты.

Акыркы суткада 5 594 кишиге ПЦР-изилдөө жүргүзүлдү.

8
Белгилер:
коронавирус, статистика, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды