Лезгинка жана Кыргызстанга жолдонгон салам. Шевченконун жеңиштен кийинки видеосу

2394
(жаңыланган 10:21 25.04.2021)
Эртең менен Шевченко АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында бразилиялык Жессика Андрадени утуп алды.

UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргоп калган Валентина Шевченко октагондо адатка айланган лезгинкасын бийлеп, көрүүчүлөрдү кубандырды.

Видео Instagram тармагындагы UFC Russia баракчасына чыкты. Спортчу ага промоушендин президенти бел курду таккандан кийин бийлегенин көрүүгө болот.

Шевченко АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында бразилиялык Жессика Андрадени жеңип алды.

Ата мекендик спортчу беттештин экинчи раундунда атаандашын жерге жыгып, эки колун "байлап", бетке чыканагы менен сокку жаадыра баштаганда калыстар беттешти токтотту. Кыргызстандык спортчу ушуну менен бешинчи ирет чемпиондук наамын коргоп калды. 

2394
Белгилер:
наам, чемпион, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема:
Валентина Шевченко Жессика Андраденин беттеши (19)
Тема боюнча
Шевченко чемпиондук наамын коргоого чыкты. Учурда эмне болуп жатат
Шумдук кармашуу! Шевченко Андрадени техникалык нокаут менен утту. Видео

Мойнунан кан аккан боюнча көмүлдү. Чек арада окко учкан Акжолдун трагедиясы. Видео

1707
(жаңыланган 20:06 11.05.2021)
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкан 36 кыргызстандыктын арасында Акжол Арыпбай уулу да бар. Ал быйыл 25 жашка толгон, Баткен районунун Кара-Бак айылында жашачу. 29-апрелде айылдаштары менен "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына барып окко учкан.

Акжолдун артында туяк калган жок, дагы бир аз иштеп, үйүн оңдоп алып анан үйлөнөм деп жүргөн. Эгер кандуу кагылышуу болбогондо ал 2-май күнү атасына куран окутуп, эртеси улгайган апасын ден соолугун чыңдоо үчүн ооруканага жаткырмак.

Маркумдун атасынын агасы Шарип Сүйүнов инисинин сөөгүн бир күндөн кийин табышканын айтат.

"Баткендеги өлүкканага барсак 18 адамдын сөөгү келди. Өлүктөрдү тизип койгон экен, ошол жерден тааныдык. Медиктер бети-башын тазалап берди, алып келип жерге бердик. Жума күнү биздин айылдан төртөөнү бир узаттык, мечитте жаназасы окулду. Эртеси дагы бир жигиттин сөөгү келди. Негизи бейшемби күнү бизде мал базар болот. "Головнойдогу" жаңжал боюнча телефондон кабар беришип, "жардамга келгиле" дешсе базардан ары эле кетиптир. Барганда миномёт менен аткан окшойт. Мойнунан кан токтободу, ошол бойдон алып барып койдук", — деди Сүйүнов.

Акжол сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Апасы Райымахан Ниязова ал фундамент куюп иштеп үй-бүлөсүнө каралашып келгенин айтат.

"Шартка байланыштуу үйлөнө албай жүрдү, "апа, бутума турсам үйлөнөм" деген. Ишке деп кетип ошол бойдон өлүп келди. Чалдым, чалдым, телефонун көтөрбөдү, кийин "өтүптүр" деп айтышты. Элим үчүн коргойм, мен баарына даярмын деп барыптыр да. Өзү намыскөй, бирөөгө эч жаман сүйлөбөгөн бала эле. Былтыр бетон аралаштыргыч алып, "эми, апа, ушуну менен бутума туруп кетем" деп жүргөн. Бул жактагы агасынын үйүндө да жүк түшүрүп иштечү. "Апа, ишембиде базарлык кылып, жекшемби күнү ооз ачар өткөрүп атама куран окутабыз. Анан дүйшөмбү күнү сизди жакшы бир жерге алып барып эс алдырам, кант диабетиңизди көрсөтөм" деген. Акыркы сүйлөгөн сөзү ошол болду", — деп ыйлады муңайган эне.

Чыр чыккан күнү "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында 25 жай тургун мерт болгон. Жарадарларды алып келүүгө тез жардам унаасы да өтө албай калган.

Аталган суу таратуучу пункту Баткен районунун Кара-Бак айылы үчүн да маанилүү. Себеби ошол жактан чыккан суу менен эгинин сугарышат. Куралдуу кагылышуудан бул айылдан беш адам мерт болгон.

1707
Белгилер:
өлүм, Тажикстан, Кыргызстан, Чыр-чатак, Кара-Бак, Баткен облусу
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Дүкөндөрдү тоноп, малын союп жешкен. Лейлектеги айылдардан аянычтуу кадрлар
Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы

Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды

123
Алматылык "Кайрат" футбол клубу жарым коргоочусу, мыкты дриблинги жана шамдагайлыгы менен кыргызстандык "Месси" атыккан Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма чыгарды.

Кыргызстандын улуттук командасынын 20 жаштагы оюнчусу 2020-жылдын январынан тарта алматылык "Кайрат" клубуна өткөн. Жакында эле клуб менен 2023-жылдын аягына чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

Буга чейин ал беларустук "Неман" клубунун намысын коргогон. Футболчу ар дайым Европа клубдарында ойноону максат кылганын айтат. Учурда алматылыктардын намысын коргоп жатканына ыраазы экенин белгилеген.

Кыргызстанда спорттук карьерасын баштаган оюнчу "Дордой" клубунда тарбияланып, жергиликтүү "Кара-Балта", "Алга" командаларында ойногон. Мындан сырткары, түркиялык "Антальяспор" клубунда өзүн сынаган.

Тасмада Алыкулов Алматыдагы жашоосуна ыраазы экенин айткан. Атасын эстеп, ар тараптан колдогон үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирет.

"Кайраттын" башкы машыктыруучусу Алексей Шпилевский кыргыз футболчусун "Немандын" сабында ойноп, атаандаштын жарым командасын буйтап өтүп гол киргизгенде байкаганын айтат. Гүлжигит Европада ойногусу келген изги тилегине карабай, бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин Казакстанга келген.

Машыктыруучу кыргыз футболчусунун өз алдынчалыгын жана жеңиш үчүн умтулган кайраттуу мүнөзүн өзгөчө белгиледи.

Алыкулов өзү болсо "Кайраттын" сабында дагы бир жолу Казакстандын чемпиону болууну жана Кыргызстандын улуттук курамасы менен дүйнө чемпионатында ойноону самаарын белгиледи.

123
Белгилер:
Казакстан, Алматы, ФК Кайрат, даректүү тасма, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

0
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

0
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды