Кайра-кайра топ тийип. Германиялык футболчунун оюнда жапа чеккен видеосу

285
(жаңыланган 15:37 26.04.2021)
Футболчу атаандаштын тепкен тобун денеси менен тоскон. Кызык окуя "Унион Берлин" командасы катуу чабуул уюштурган учурда болгон.

Германиянын "Вердер" футбол клубунун коргоочусу Марко Фридль чабуулдун мизин кайтарууда кайра-кайра топ тийип жапа чекти. Бул туурасында оюндагы кызыктуу учурдун видеосун RT жазды.

Немец футболчусу "Унион Берлин" командасынын оюнчусу Роберт Андрихтин тепкен тобун денеси менен тоскон. Окуя беттештин биринчи бөлүгүнүн 16-мүнөтүндө катталган.

Биринчи соккуда эле топ коргоочунун ичине тийип, ал жерге кулаган. Топ кайра эле Андрихке келип, экинчи ирет тепкенде да жерде жаткан коргоочуга тийген. Калыстын ышкырыгынан кийин үчүнчү жолу тебилген топ кайра эле Фридлге тийген.

Беттеш "Унион Берлин" командасынын ишенимдүү жеңиши менен аяктаганы айтылды.

285
Белгилер:
Германия, футбол, топ, окуя, кызыкчылык
Тема боюнча
Кыргызстандык жаш футболчулар Гиннесс рекордун жаратууга аракет кылып жатат
Голу эсептелбей калган Роналду капитандык лентасын ыргытып салды. Видео

Тамак талашып... Бактын башынан кулаган арстан менен кабыландын видеосу

22
(жаңыланган 10:03 10.05.2021)
Бактын башында олжо талашып урушкан кабылан менен арстанды көтөрө албай, бутак сынып кеткен. Окуя Түштүк Африкадагы Крюгер паркында болгон.

Видеонун авторунун айтымында, ургаачы арстан бактын башында жүргөн кабыландын олжосуна кызыгып, эринбей чыгып барган. Тапкан тамагын кызганган берки жырткыч айбат кылып, экөө ошол жерден чапчылашып, уруша кеткен.

Эки ири жырткычтын салмагын көтөрө албаган бутак жоон болгону менен сынып кетип, эки жаныбар жерге күү менен түшкөн. Бак-шак, сынган бутактын арасынан эптеп суурулуп чыккан кабылан артын карабай качкан. Видеодон анын катуу чочуп калганын байкоого болот.

Ал эми арстан эки жагын каранып, ошол жерде турганы менен видео аяктаган.

Маалыматта бир чети таңгалдырып, бир чети күлкүнү келтирген бул окуянын Лондолоза деп аталган аймакта болгону жазылган.

22
Белгилер:
олжо, кабылан, арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Тумшугуна эч нерсе илинбей. Олжосунан ажыраган арстандын видеосу

Кырка тизилген 100 автоунаа. Бишкекте өткөн өзгөчө жүрүштүн видеосу

216
Бишкекте Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата автожүрүш болуп, кырка тизилген 100дөй автоунаа ордо калаанын көчөлөрүн айланды. Шаардык мэрия иш-чараны "Өлбөс полк" жүрүшүнүн ордуна уюштурушкан.

Жүрүш Бишкектин так ортосунан башталып, шаардын түштүк бөлүгүнөн аяктаган.

Артиллеристы готовятся к боям на Орловской и Курской дугах. Орловско-Курская дуга. Июль 1943 год. Репродукция
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Иш-чаранын катышуучуларын милиция кызматкерлери коштоп, коопсуздугун камсыздады.

Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген. 

Мындан улам "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды.

Мындан сырткары, санитардык талаптарды аткаруу менен 50гө чукул киши чакан жүрүш уюштуруп, согуш ардагерлеринин сүрөтү менен Жеңиш паркына чейин жөө барышты

216
Белгилер:
видео, Улуу Жеңиш, автожүрүш, Бишкек
Тема боюнча
Башкы санитардык дарыгер: быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт
Бишкекте "Өлбөс полктун" чакан жүрүшү болду. Сүрөт, видео
Кыргызстандыктарды 5 өлкөнүн президенттери Жеңиш майрамы менен куттуктады
Кабулдагы жарылуу болгон жерде адамдар турушат (Афганистан)

Кабулдагы жардыруудан 63 киши каза тапты. Көз жумгандардын көбү кыздар

0
(жаңыланган 10:27 10.05.2021)
8-май күнү шаардагы мектептердин биринин жанында мина коюлган автоунаа жардырылып, андан кийин эки ирет ракеталык чабуул болгон.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаарында жардыруу болуп, каза тапкандардын саны 63кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости Tolo News телеканалына таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, 8-май күнү шаардагы мектептердин биринин жанында мина коюлган автоунаа жардырылып, андан кийин эки ирет ракеталык чабуул жасалган.

Жардыруу окуучулар мектептен чыгып бара жатканда болгон. Көз жумгандардын көбү кыздар экени айтылды. Жардыруудан 150 адам жабыркаган.

Бул кол салууга "Талибан" радикалдык кыймылы тиешеси жок экенин билдирди. Афганистандын президенти Ашраф Гани чабуулду талибдер жасаганын айтып, аларды айыптаган.

Белгилей кетсек, Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп баратат. АКШ жана НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.

0