Россия аба-космостук чабуулдан коргогон ракетасын сынады. Видео

Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлиги кезектеги жаңы ракета сыноодон ийгиликтүү өткөнүн кабарлап, видеосун YouTube-каналына жарыялады.
Россиянын Аба-космостук коргонуу күчтөрү Сары-Шаган (Казакстан) полигонунда чабуулга каршы системасына кирген кезектеги жаңы ракетасын сынады.
Аба-космостук коргонуу күчтөрүнүн Чабуулга каршы коргонуу бирикмесинин командири Сергей Грабчук текшерүүлөр боюнча маалымат берди.
"Чабуулга каршы системасына кирген ракета бир нече жолку сыноодон кийин мыктылыгын көрсөттү. Ал шарттуу бутага таамай тийди", — деди Грабчук.
Бул система аба-космостук чабуулдардан коргонууга багытталганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0