Чернобылга авиаэкскурсия. 35 жыл мурда алаамат болгон жердин видеосу

257
Лайнер Чернобыль АЭСинин үстүнөн өтө жакын аралыкта, болгону 900 метр бийиктикте учуп өтөт. Ошондуктан иллюминатордон апаат болгон аймактын очогу, станция, "Укрытие" саркофагы жана өлүү шаарга айланган Припять даана көрүнөт.

Чернобыль кырсыгынын 35 жылдыгына карата аталган аймакка туристтер үчүн жаңы авиакаттам уюштурулгандыгын Sputnik Беларусь жазды.

Рейс Киевдеги аба майданынан учуп чыгып, бир саатка чукул качандыр бир кезде дүйнөнү селт эттирген окуя болгон аянтты кыдырып чыгат. Авиаэкскурсия "Киевдин үстүнөн учуп өткөн учур — пилоттун көзү менен" деп аталган.

Каттам учурунда жүргүнчүлөргө 1986-жылы 26-апрелде Украина ССРине караштуу Припять шаарынын жанындагы Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепети туурасында айтып беришет. Алааматтан кийин бул жер 30 чакырымдык аралыкта тыкыр тосулуп, радиоактивдүү жер кыртышы ачык аймак катары белгиленген.

257
Белгилер:
экскурсия, кырсык, Чернобыль, Украина
Тема боюнча
Чернобыль апаатынан кийинки биринчи архивдик кадрлар

Тамак талашып... Бактын башынан кулаган арстан менен кабыландын видеосу

23
(жаңыланган 10:03 10.05.2021)
Бактын башында олжо талашып урушкан кабылан менен арстанды көтөрө албай, бутак сынып кеткен. Окуя Түштүк Африкадагы Крюгер паркында болгон.

Видеонун авторунун айтымында, ургаачы арстан бактын башында жүргөн кабыландын олжосуна кызыгып, эринбей чыгып барган. Тапкан тамагын кызганган берки жырткыч айбат кылып, экөө ошол жерден чапчылашып, уруша кеткен.

Эки ири жырткычтын салмагын көтөрө албаган бутак жоон болгону менен сынып кетип, эки жаныбар жерге күү менен түшкөн. Бак-шак, сынган бутактын арасынан эптеп суурулуп чыккан кабылан артын карабай качкан. Видеодон анын катуу чочуп калганын байкоого болот.

Ал эми арстан эки жагын каранып, ошол жерде турганы менен видео аяктаган.

Маалыматта бир чети таңгалдырып, бир чети күлкүнү келтирген бул окуянын Лондолоза деп аталган аймакта болгону жазылган.

23
Белгилер:
олжо, кабылан, арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Тумшугуна эч нерсе илинбей. Олжосунан ажыраган арстандын видеосу

Кырка тизилген 100 автоунаа. Бишкекте өткөн өзгөчө жүрүштүн видеосу

218
Бишкекте Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата автожүрүш болуп, кырка тизилген 100дөй автоунаа ордо калаанын көчөлөрүн айланды. Шаардык мэрия иш-чараны "Өлбөс полк" жүрүшүнүн ордуна уюштурушкан.

Жүрүш Бишкектин так ортосунан башталып, шаардын түштүк бөлүгүнөн аяктаган.

Артиллеристы готовятся к боям на Орловской и Курской дугах. Орловско-Курская дуга. Июль 1943 год. Репродукция
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Иш-чаранын катышуучуларын милиция кызматкерлери коштоп, коопсуздугун камсыздады.

Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген. 

Мындан улам "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды.

Мындан сырткары, санитардык талаптарды аткаруу менен 50гө чукул киши чакан жүрүш уюштуруп, согуш ардагерлеринин сүрөтү менен Жеңиш паркына чейин жөө барышты

218
Белгилер:
видео, Улуу Жеңиш, автожүрүш, Бишкек
Тема боюнча
Башкы санитардык дарыгер: быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт
Бишкекте "Өлбөс полктун" чакан жүрүшү болду. Сүрөт, видео
Кыргызстандыктарды 5 өлкөнүн президенттери Жеңиш майрамы менен куттуктады
Акча алмаштыруучу жайдагы адам. Архив

Чет элдик валюталар арзандап, алтын кымбаттады. Күйүүчү май боюнча абал кандай

0
(жаңыланган 10:42 10.05.2021)
Sputnik редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып көрдү.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Бир катар валюталардын сомго карата наркы түшүп, алтындын баасы, тескерисинче, көтөрүлдү. Күйүүчү май мурдагы эле баада сатылууда.

Өткөн жума күнгө салыштырмалуу акча алмаштыруу жайларында доллар 14 (сатып алуу) жана 13 тыйынга (сатуу) арзандады. Еврону сатып алуу үчүн мурдагыдан 11 тыйынга азыраак төлөсөңүз, сатуу үчүн 8 тыйынга төмөнүрөөк баа коесуз. Рубль дагы арзандады, сатуу 0,1 тыйын, сатуу 0,4 тыйын болду. Теңгенин курсу билинер-билинбес төмөндөдү.

Ишемби күнкүгө салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы ошол бойдон.

"Роснефть":

  • АИ-92 — 49 сом;
  • АИ-95 — 51 сом;
  • Дизель майы — 45,2 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 48,9 сом;
  • АИ-95 — 50,9 сом;
  • Дизель майы — 44,9 сом.

Ал эми алтындын баасы бир топ жогорулады. Мисалы, бир грамм алтын 62,5 сомго кымбатыраак сатыла баштады. Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгарган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.

0
Белгилер:
баа, алтын, доллар, бензин, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин айрым май куюу жайларында бензин кымбаттады
Кыргызстандын алтын кору бир айда 5 млрд. сомго азайып кетти