КМШ өлкөлөрүнүн мушкерлери Хабибди узатышты. Видео

1985
(жаңыланган 14:37 28.04.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube-каналы жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедовго мушкерлердин каалоо-тилек айткан видеосун жарыялады.

Россиялык мушкер карьерасын жыйынтыктаган. Роликке КМШ өлкөлөрүнүн мушкерлери тартылганын көрүүгө болот. Арасында кыргызстандык спортчу Рафаэль Физиев да бар.

32 жаштагы Нурмагомедов 29 ирет беттешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. UFC уюмунда 2012-жылдан бери күч сынашып келет, 13 ирет жеңишке жеткен. Үч жыл мурун Хабиб калыстардын бир добуштан кабыл алган чечими менен америкалык Эл Яквинтаны утуп, жеңил салмактагы чемпион болгон. Андан кийин Конор Макгрегорду, Дастин Порьени жана Жастин Гэтжини утуп, үч ирет наамын коргогон.

2020-жылдын октябрында Хабиб Гэтжи менен кез келип, уткандан кийин карьерасын жыйынтыктай турганын жар салган болчу. Өз чечимин спортчу апасына берген убадасы менен түшүндүргөн. Бул мушкердин атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун өлүмүнөн кийинки биринчи жана акыркы беттешүүсү болду.

1985
Белгилер:
спорт, беттешүү, жеңиш, мушкер, UFC, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео

Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек

565
(жаңыланган 17:11 06.05.2021)
Балдары көчө чаң ызгыта ойноп, күлкүсү жаңырчу Кара-Бак айылында энелердин көз жашы төгүлүп, боздогон ыйы угулуп жатат. Кыргыз-тажик жаңжалында бул айылдан беш жигит набыт болгон. Алардын бири 33 жаштагы Турдубай Саттаров.

Ал чыр чыккан күнү кечинде көзү өтүп кеткен атасына куран окутуп, ооз ачырмак. Эртең менен базарга барып азык-түлүк алып жүргөндө тажик тарап "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайын "басып алган жатат" деп уккан. Бирок ал учурда акыркы суусун ичип жатканын билген эмес. Тилекке каршы, кечинде атасына куран окутуунун ордуна өзү шейит кетти.

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары барганда маркумдун апасы үйүндө өзүнө келе албай жатканын айтышты. Ал эми балдары атасынын көз жумганын биле элек экен.

Маркумдун агасы (атасынын бир тууган иниси) Илияз Саттаров Турдубай суунун башында окко учканын айтат.

"Базардан алган азык-түлүгүн үйгө алып келип таштап, кайра "Головнойго" бараткан машинанын артынан өзүнүн унаасы менен кууп барып, чыгып кетиптир. Унаасын тээ май куюучу жайдын жанына калтырган экен. Булар барганда эле куралчан тажиктер атып, кырып салыптыр да. Турдубай иним токтоо, кичи пейил, адамгерчиликтүү, бүт эл-журтка, туугандарга күйүмдүү эле. Ушуга чейин бир жерде бейчеки басканын көргөн жокмун", — деди Саттаров.

Турдубай Саттаровдун артында жубайы Кайры Абдирашит кызы чиедей бир уул, үч кызы менен калды.

"Эми эл катарына кошулуп Москвада кыйналып, аялы менен иштеп заңгыратып үй салды эле. Быйыл толук бүтүрүп күздө той кылам деп жаткан. Келиним эми ал үйдө кантип жашайт, балдары жаш болсо. Чоң уулу 3-класста окуйт, кичине кызы бир жашар. Кичүүсү үйгө машина келген сайын "ата" деп издеп жатат. Балдары билбейт азыр, "атаң Россияга кетти" деп койгонбуз", — деди маркумдун бир тууган эжеси Салтанат Саттарова.

Турдубай Саттаров жалгыз инисин 10 күн мурун Россияга иштеп келгени жөнөткөн. Суук кабарды угары менен ал айылына кайтып келди.

"Головной" суу таратуучу пункту Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары үчүн да маанилүү. Себеби ошол жактан чыккан суу менен эгиндерин сугарышат.

Белгилей кетсек, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында жалпысынан 25 жай тургун мерт болгон. Тажик тарап элге карата курал колдонуп, миномёт менен жардырган. Жаңы чыккан жагдайларда ылайык, бир чуңкурга жашынган 12 адамга миномёт снарядынын чачырандысы тийип жан берген. Ал жерге тез жардам унаасы да өтө алган эмес.

565
Белгилер:
бала, жубайлар, маркум, Баткен облусу, Кара-Бак
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар
Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү

Кежир мамалак, кежигесинен тиштеген энеси. Бассейнге келген аюунун видеосу

131
Калифорниядагы (АКШ) Аркадия шаарынын жашоочусу Эрик Лян жаратылыш паркына жакын жайгашкан үйүнө, тагыраагы, үйдүн бассейнине жапайы аюунун төрт мамалагы менен келип, "киринип" кеткенин видеого түшүрүп калган.

"National Geographic Россия" сайты жапайы конок Angeles National Forest коругунун жашоочусу экендигин жазды.

"National Geographic Россия" сайты Angeles National Forest коругуна жакын аймактагы үйлөргө жапайы жаныбарлар келип каларын, бирок адатта бул эне аюудай болуп, кожойке катары жүрбөй тургандыгын жазды.

Кадрдан алгач аюунун бассейндеги сууда жаткандыгын, ал эми кургакта төрт мамалагы жүргөнүн көрүүгө болот. Бир топ убакыттан кийин суудан чыккан жырткыч шашпай басып, балдарын ээрчитип токойду көздөй жөнөгөн.

Бул окуянын баарын үйдүн кожоюндары айнектен жасалган дубал аркылуу видеого тартып турушкан.

Аюу шашылбай басып, адамдар келип калат деп чочулабай балдарын ээрчитип кеткени менен, бирөө бассейнди айланчыктап кетпей койгон. Башка мамалактары менен кайтып келген эне аюу алгач баласын тумшугу менен түрткүлөп алып кетүүгө аракет кылган. Бирок кичинекей кежир кеткиси келбей, чачыраган сууну айланчыктап туруп алган. Ачуусу келдиби же тажадыбы энеси мамалактын кежигесинен аярлап тиштеп, бир нече кадам барган. Бир аз айланчыктаган соң энеси жолун улап, анын артынан балдары ээрчип кетип бараткан учур менен видео аяктаган.

131
Белгилер:
мамалак, аюу, парк, жаратылыш, Калифорния, АКШ
Тема боюнча
Эшигин өзү ачып-жаап, баладай секирип ойноп. Чээнден чыккан аюунун видеосу
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

0
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

0
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө