Алматынын зоопаркында жаңы туулган ягуардын баласы көрсөтүлдү. Видео

108
(жаңыланган 19:09 29.04.2021)
Алматынын зоопаркында эки жылдын ичинде ягуар экинчи ирет тууду. Быйыл жарыкка келген жырткычтын баласы кара түстүү экенин көрүүгө болот.

Алматынын зоопаркында жашаган Момын жана Васька деген ягуарлар эки жылда экинчи ирет төлдөдү. Бул ирет капкара мышык туулган. Зоопарктын кызматкерлери жаныбардын энесинин тынчын албаш үчүн ага жарым айга чейин тийишкен эмес. Эми гана мышыктын жынысын билүү максатында колго алып көрүшкөн. Ал ургаачы болуп чыкты.

Момын жана Васьканын 2019-жылы туулган баласы чаарала болгон. Ал дагы ургаачы. Шаардыктардын добуш берүүсүнүн натыйжасында жаныбарга Австралия деген ысым ыйгарылган. Бул аталган өлкөдөгү катуу өрткө байланыштуу символикалык түрдө коюлган.

Учурда Австралия дагы деле Алматынын зоопаркында жашап келет. Ал эми жаңы туулган жаныбарга зоопарктын Instagram-аккаунты аркылуу жарандардын добуш берүүсүнүн негизинде ат коюлат.

108
Белгилер:
ягуар, жаныбарлар, мышык, зоопарк, Алматы
Тема боюнча
Тумшугуна эч нерсе илинбей. Олжосунан ажыраган арстандын видеосу
Кооптонуп, тегерене чуркап. Бугулардын асмандан тартылган кызыктуу видеосу

Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео

148
(жаңыланган 11:16 13.05.2021)
Бүгүн мусулман эли Орозо айтты белгилеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаалдан улам эл айт намазга борбордук аянттарга эмес, мечиттерге гана чогулду. 

Бишкек шаарында  Имам Сарахси атындагы башкы мечитте  шаардын миңдеген тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы окулду.

Намазга эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15те башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев "Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери" деген темада баяндамасын жасап, кыргызстандык мусулмандарды куттукташты.

Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң куран окулуп, маркумдарга жана Баткен окуясында каза тапкан бир туугандардын арбактарына багышталды.

Быйыл орозо айы 13-апрелде башталып, 30 күнгө созулду. Айт күнү мусулмандар тууган-уруктарынын үйүнө барып ал-жай сурап, айттап, ошондой эле көзү өтүп кеткен жакындарына багыштап куран окушат.

148
Белгилер:
мечит, майрам, орозо айт, Айт намаз, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Үч түрдүү бата дароо кабылданат деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек

Алоолонуп, от чачып. Күндүн бир жыл ичиндеги жашоосу видеодо

96
NASA тынбай жарык чачкан Күндүн динамикасына өзүнүн обсерваториясында байкоо салып, улам тартып алып турган видеону жарыялады.

Бул көз салуу 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 28-январына чейин уланганын өздөрүнүн сайтына маалымдады. Тынымсыз жазылган видео монтаждалып, кызыккандарга сунушталды. Андан алоолонгон, табы куйкалап кеткен Күн кантип "жашаганын" майда-чүйдөсүнө чейин көрсө болот.

Обсерватория ар бир 12 секундада толкундардын ар кандай узактыгында 10дон сүрөт тартып алып турган. Анын жыйынтыгы менен жасалган видеодон ар кайсы жеринен от бүрккөн тоголок фигураны көрүүгө болот. Бул – бизге жарык чачып, энергиясын берген Күн.

Роликтен Күн бирде чоңоюп, бирде кичирейип турганы байкалат. Муну адистер обсерваториянын спутниги менен Күндүн ортосундагы аралык дайыма бирдей болбогондугу менен түшүндүрүшкөн.

96
Белгилер:
обсерватория, NASA, күн
Тема боюнча
Фотофакт: Бишкекке жарык чачкан толгон Ай
Ишениш кыйын! Кыргызстанды космос менен байланыштырган 60 факты
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

90
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

90
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр