Үч күндөн бери бөгөп турушкан. Төрт-Көчө тилкесинин ачылган видеосу

Жазылуу
Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесинен унаалар тоскоолдуксуз өтө баштады. Жол 1-май күнү кыргыз-тажик бийлик органдарынын сүйлөшүүсүнөн кийин ачылган.
Sputnik Кыргызстандын кабарчылары аталган жерге кечки саат 20:00дө барып, эл эки тарапка ээн-эркин каттап жатканына күбө болушту.
Кооптуу тилкени Баткен облустук милициянын жетекчиси Мурат Боронов көзөмөлдөп турат. Ошол эле учурда Согди облустук милициясынын начальниги Абдулла Наджуманов менен биргеликте иш алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөр болду.
Баткендеги ак-сайлык Арданова: биз качтык, үйдө калган жолдошума санааркап жатам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Баткендеги ак-сайлык Арданова: биз качтык, үйдө калган жолдошума санааркап жатам
Жака-Өрүк айылындагы Төрт-Көчө деп аталган участок аркылуу кыргызстандыктар Баткендин борборунан Лейлек районуна өтүшөт. Каршы тилке менен тажикстандыктар Ворух анклавына кирип-чыгат. Тажик аскерлери 29-апрелден бери ушул тилкени бөгөп турган.
Мындан улам Лейлек районунда үйүн таштай качып келген 25 миң кыргыз жаранына гуманитардык жардам жеткирүү маселе жараткан. Мындай учурда айланма жол аркылуу өтүшөт. Бирок ал жакта дагы Тажикстанга тиешелүү аймак жакын болгондуктан кооптуу бойдон турган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев элдин камдаган тамак-ашы эки күнгө гана жетерин билдирген.
Белгилей кетсек, буга чейин Төрт-Көчө тилкеси эки ирет жабылып, сүйлөшүүлөрдүн алкагында кайра ачылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0