"Түндүк агым 2" токтошу мүмкүн. Россия менен Германия кандай жооп кайтарат

207
Европарламент "Түндүк агым - 2" газ түтүгүнүн курулушун токтотуу талабы камтылган резолюция кабыл алды.

Документте европалык депутаттар ЕБ Россиядан энергетикалык көз карандылыкты азайтышы керек экенин айтышууда. "Түндүк агым - 2ден" тышкары, парламентарийлер Москваны SWIFT системасынан чыгарууга да үндөшкөн.

"Түндүк агым - 2" – Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга жеткен газ түтүгүнүн коммерциялык долбоору. Бул түтүк менен европалыктарга газ жетмекчи.

Европарламенттин резолюциясын Москва менен Берлин кандай кабыл алганын жана долбоордун тагдыры эмне болорун биздин видеодон көрүүгө болот.

207
Белгилер:
долбоор, АКШ, Европа, Германия, Россия, түтүк, газ, Түндүк агым - 2
Тема боюнча
"Москванын жүрүм-турумуна" карашат. "Түндүк агым — 2нин" курулушу токтойбу

Дүкөндөрдү тоноп, малын союп жешкен. Лейлектеги айылдардан аянычтуу кадрлар

987
(жаңыланган 20:01 10.05.2021)
Чек арадагы куралдуу жаңжалда Арка айылындагы 10дон ашуун май куюучу жайдын таш талканы чыккан. Тажик тарап кыргыздарга таандык объектилерди өрттөп кеткен. Ал эми Борбордук айылындагы үйлөрдү талап-тоноп, жанына окоп казып талаага качкан эл тарапты аңдып жатышкан.

Кыргызстандык Мутабар Касымованын үйүнөн тажик аскеринин формасы да чыкты. Буга чекесинде жазылган "Рочабов" деген ысым, чөнтөгүнөн чыккан тажик акчасы далил болот. Үй ээси анын балдарынын кийимин кийип кетишкенин айтат. Алар муну менен чектелген эмес.

"Короодогу эчкибизди союп, очокко тамак жасашыптыр. Үйдөгү азык-түлүктөрдү алып чыгып тапчанда отурушкан экен. Арак да ичишиптир, бөтөлкөдө жарымы калып калган. Үйдөн эч бир нерсени калтырбай тинтип, чачып салышыптыр. Адам баласы дагы ушундай кылабы? Жадагалса ымыркай орогондун ичин аңтарып көрүшүптүр", — деди Касымова.

Ал эми Акылбай Турсунбаевдин үйүнө гранатомёттун снаряды түшүп күлгө айланган. Бул учурда үйүн кайтарып калган айылдагы эркектер эми гана ооз ачарга отурган эле.

"Кечке жуук болду, саат 20:00дөн кийин ооз ачар болоюн деп калган. Ооз ачышка жетишпей калдык. Жалын ичинен да, үстүнөн дагы чыгып жатты. Өчүрөйүн деп кирип ууланып калдым, Шухрат кошунам "кирбеңиз" деп колумдан тартып алып чыкты", — деди Турсунбаев.

Арка жана Борбордук айылындагы жол боюнда жайгашкан дүкөн, кафелердин бири калбай тонолуп, андан соң өрттөлгөн.

"Манас" дүкөнүнүн ээси Ахунжан Шакиров андан тажикстандыктар дагы азык-түлүк сатып алып турганын, себеби кыргыз тарапта арзан болорун айтат. Ал январь айында Россиядан акча чогултуп келип, иниси экөө дүкөн ачкан. Жаңжалдын кесепетинен эки миллион сомдон кол жууп отурат.

Шерзат Самандаров ПРООНдун Youth of Osh долбоорунун колдоосу менен 2017-жылы "Караван" деген кафе ачкан. Кийинчерээк анын жанында азык-түлүк, курулуш материалдарын сата баштаган.

"Youth of Osh долбоору Тажикстан менен тынч жашаган кошуна эл деген сыяктуу чек аралаш аймактарды колдогон. Бул айылдан мен утуп алган болчумун. Азыркы чыгымды болжол менен эсептесем 150 миң доллардан ашып калды. Курулуш материалдар, товарлар, муздаткыч жана башка жабдуулардын баары жок болгон. Биринчи тоноп баарын алып чыгып, анан күйгүзүп ийген", — деди Самандаров.

Арка, Борбордук айылдарын Лейлек районун эң четинде жайгашкан. Тажикстан менен чек араны жол гана бөлүп турат. Ал трассаны эки өлкө тең пайдаланат.

987
Белгилер:
Жаңжал, Тажикстан, тоноо, өрт, Лейлек району
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Максат айылы: өрттөлгөн үйлөр буздурулуп, жашоочулар боз үй, чатырда жашоодо
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар

Лондондогу дарыяга келип кептелип калган китти куткарган видео

168
(жаңыланган 16:44 10.05.2021)
Лондон калаасында жергиликтүү куткаруучулар Темза дарыясынын тайыз жээгине келип кептелип калган китти сактап калышкан.

Суу жаныбарын кантип сактап калышканы туурасында видеону The Sun жарыялады.

Ал иштерге Падышалык улуттук куткаруучулар институтунун өкүлдөрү, өрт өчүрүүчүлөр жана дайверлер катышкан.

Басылманын маалыматына караганда, кит Лондондун түштүк-батыш жагындагы Ричмонд шлюзуна келип кептелип калган.

Узундугу 3-4 метрге жеткен жаныбарды коопсуз жерге жеткиргиче төрт сааттай убакыт кеткен. Маалыматта ветеринар анын ал-абалын карап, көзөмөлдөй турганы айтылган. Жаныбардын ахыбалы жакшы болгондон кийин гана аны эркиндикке коё берүү чечими кабыл алынган.

Басылма элдин арасына келип калган бул жаныбар чакан көлөмдөгү киттердин түрүнө кирери жана Атлантика, Тынч океандарынын түндүк тарабында жашай турганын жазган.

168
Белгилер:
видео, куткаруучу, кит, Лондон
Тема боюнча
Японияда кайык кит менен сүзүшүп, 87 адам жабыркады
Кит дайверди жутуп ала жаздады. Жүрөк түшүргөн видео
Кагаздагы ноталар. Архив

Кыргызпатент сый акысын албай калган авторлорду издөөдө. Тизме

0
Автордук сый акыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча 0(312) 68-00-86, 0(550) 778-450, 0(550) 778-590 номерлерине чалса болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфирлеринде жаңырган, бирок сый акысын албай калган автор, аткаруучуларды издеп жатканын маалымдады.

Мекеме изделип жаткан авторлордун тизмесин жарыялап, андан өзүн тапкандарга сөзсүз кайрылууну өтүнгөн. Автор, аткаруучулар өзүн бул шилтемеге кирип тапса болот.

Автордук сый акыны алуу үчүн талап кылынган документтер:

  • Чыгармаларды каттап, укуктарды башкаруу укугун берүү тууралуу келишим түзүү керек;
  • Автордун же аткаруучунун каттоо барагын толтуруу зарыл;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Банктан эсеп ачып, анын дарегин Кыргызпатенттин кызматкерлерине тапшыруу шарт.

Автордук сый акыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча 0(312) 68-00-86, 0(550) 778-450, 0(550) 778-590 номерлерине чалса болот.

0
Белгилер:
аткаруучу, автордук укук, сый акы, Кыргызпатент
Тема боюнча
Кудайбердиева: былтыр Кыргызпатент 8 млн. сомдон ашык акча чогултту