Түнү бою сабап, суу да бербей кыйнады. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги

3491
(жаңыланган 16:07 04.05.2021)
Айыл башчы Мырзабек Жумабаев айылында эки жигит окко учту деген кабарды тактоо үчүн барып тажик аскерлерине туткундалган. Дагы бир кыргызстандык жолдон өтүп баратканда, калганын өрттөнгөн үйлөрдү өчүрүп жатканда кармап кетишкен.

Баткенде барымтага алынган кыргызстандыктар Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына кантип туткунга түшүп, кандай азап чеккенин айтып беришти.

Белгилей кетсек, 29-апрелде тажик тарап Лейлек районунун Интернационал айлынын башчысы Мырзабек Жумабаевди жана тогуз жай тургунду барымтага алып, бир суткадан ашык кармашкан. Кыргызстандыктар 24 сааттан ашык убакыттан кийин гана Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бошотулган. Учурда алардын бешөө Лейлек райондук ооруканада жатат.

Жумабаев айылына барганда кыргыздардын үйүнөн куралчан тажик чек арачылары чыкканын айтат. Андан соң анын буту-колун байлап, көзүн таңып өз аймагына алып кирип кеткен. Айыл башчы бошотуп жатканда таңууну бир саамга чечкенде "Тажикстандын Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмү" деген жазууну окууга жетишкенин айтат.

Дагы бир кыргызстандык Рамисжон Эгембердиев Арка айылындагы туугандарын алып келүүгө баратып Максат айылынан туткунга түшкөн. Анын унаасын БТР менен турган тажик аскерлери токтотуп, түшкөндө автоматтын аркасы менен кулак түпкө уруп, салып кеткенин билдирди. Эгембердиев барымтадагыларды түнү менен сабап, тамак-аш бербей кыйнаганын айтты.

Ошентсе да эркиндикке чыгарынан үмүт үзбөгөнүн белгилейт. Учурда анын кыргыз бийлигинен бирден-бир суранычы — чек араны тактап, өз жеринде эркин жүргөндөй шарт түзүп берүү.

Барымтадан бошотулган кыргызстандыктардын текст түрүндөгү маегин бул жерден окуй аласыз.

3491
Белгилер:
кыйноо, айыл, барымта, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (217)
Тема боюнча
Тажикстан талкалаган Максат айылынын мурдагы жана азыркы көрүнүшү. Видео
Тажикстандыкы — аскердик агрессия. Баш прокуратура кеңири билдирүү таратты

Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек

577
(жаңыланган 17:11 06.05.2021)
Балдары көчө чаң ызгыта ойноп, күлкүсү жаңырчу Кара-Бак айылында энелердин көз жашы төгүлүп, боздогон ыйы угулуп жатат. Кыргыз-тажик жаңжалында бул айылдан беш жигит набыт болгон. Алардын бири 33 жаштагы Турдубай Саттаров.

Ал чыр чыккан күнү кечинде көзү өтүп кеткен атасына куран окутуп, ооз ачырмак. Эртең менен базарга барып азык-түлүк алып жүргөндө тажик тарап "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайын "басып алган жатат" деп уккан. Бирок ал учурда акыркы суусун ичип жатканын билген эмес. Тилекке каршы, кечинде атасына куран окутуунун ордуна өзү шейит кетти.

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары барганда маркумдун апасы үйүндө өзүнө келе албай жатканын айтышты. Ал эми балдары атасынын көз жумганын биле элек экен.

Маркумдун агасы (атасынын бир тууган иниси) Илияз Саттаров Турдубай суунун башында окко учканын айтат.

"Базардан алган азык-түлүгүн үйгө алып келип таштап, кайра "Головнойго" бараткан машинанын артынан өзүнүн унаасы менен кууп барып, чыгып кетиптир. Унаасын тээ май куюучу жайдын жанына калтырган экен. Булар барганда эле куралчан тажиктер атып, кырып салыптыр да. Турдубай иним токтоо, кичи пейил, адамгерчиликтүү, бүт эл-журтка, туугандарга күйүмдүү эле. Ушуга чейин бир жерде бейчеки басканын көргөн жокмун", — деди Саттаров.

Турдубай Саттаровдун артында жубайы Кайры Абдирашит кызы чиедей бир уул, үч кызы менен калды.

"Эми эл катарына кошулуп Москвада кыйналып, аялы менен иштеп заңгыратып үй салды эле. Быйыл толук бүтүрүп күздө той кылам деп жаткан. Келиним эми ал үйдө кантип жашайт, балдары жаш болсо. Чоң уулу 3-класста окуйт, кичине кызы бир жашар. Кичүүсү үйгө машина келген сайын "ата" деп издеп жатат. Балдары билбейт азыр, "атаң Россияга кетти" деп койгонбуз", — деди маркумдун бир тууган эжеси Салтанат Саттарова.

Турдубай Саттаров жалгыз инисин 10 күн мурун Россияга иштеп келгени жөнөткөн. Суук кабарды угары менен ал айылына кайтып келди.

"Головной" суу таратуучу пункту Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары үчүн да маанилүү. Себеби ошол жактан чыккан суу менен эгиндерин сугарышат.

Белгилей кетсек, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында жалпысынан 25 жай тургун мерт болгон. Тажик тарап элге карата курал колдонуп, миномёт менен жардырган. Жаңы чыккан жагдайларда ылайык, бир чуңкурга жашынган 12 адамга миномёт снарядынын чачырандысы тийип жан берген. Ал жерге тез жардам унаасы да өтө алган эмес.

577
Белгилер:
бала, жубайлар, маркум, Баткен облусу, Кара-Бак
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (217)
Тема боюнча
12 адам жашынган жеринде жан берген. Кандуу окуянын очогу “Головнойдон” кадрлар
Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү

Кежир мамалак, кежигесинен тиштеген энеси. Бассейнге келген аюунун видеосу

132
Калифорниядагы (АКШ) Аркадия шаарынын жашоочусу Эрик Лян жаратылыш паркына жакын жайгашкан үйүнө, тагыраагы, үйдүн бассейнине жапайы аюунун төрт мамалагы менен келип, "киринип" кеткенин видеого түшүрүп калган.

"National Geographic Россия" сайты жапайы конок Angeles National Forest коругунун жашоочусу экендигин жазды.

"National Geographic Россия" сайты Angeles National Forest коругуна жакын аймактагы үйлөргө жапайы жаныбарлар келип каларын, бирок адатта бул эне аюудай болуп, кожойке катары жүрбөй тургандыгын жазды.

Кадрдан алгач аюунун бассейндеги сууда жаткандыгын, ал эми кургакта төрт мамалагы жүргөнүн көрүүгө болот. Бир топ убакыттан кийин суудан чыккан жырткыч шашпай басып, балдарын ээрчитип токойду көздөй жөнөгөн.

Бул окуянын баарын үйдүн кожоюндары айнектен жасалган дубал аркылуу видеого тартып турушкан.

Аюу шашылбай басып, адамдар келип калат деп чочулабай балдарын ээрчитип кеткени менен, бирөө бассейнди айланчыктап кетпей койгон. Башка мамалактары менен кайтып келген эне аюу алгач баласын тумшугу менен түрткүлөп алып кетүүгө аракет кылган. Бирок кичинекей кежир кеткиси келбей, чачыраган сууну айланчыктап туруп алган. Ачуусу келдиби же тажадыбы энеси мамалактын кежигесинен аярлап тиштеп, бир нече кадам барган. Бир аз айланчыктаган соң энеси жолун улап, анын артынан балдары ээрчип кетип бараткан учур менен видео аяктаган.

132
Белгилер:
мамалак, аюу, парк, жаратылыш, Калифорния, АКШ
Тема боюнча
Эшигин өзү ачып-жаап, баладай секирип ойноп. Чээнден чыккан аюунун видеосу
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

0
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

0
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө