Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Москвада өтчү параддын даярдыгы. Видео

Жазылуу
Москвадагы Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата өтчү парадга болгон даярдык кечинде тартып алынган. Бул тууралуу RT жазды.
Быйылкы парадга 12 миңден ашуун жоокер катышары кабарланды. Салтанатка аскердик техниканын 190 түрү катышары айтылууда. Алардын арасында тарыхый раритеттен сырткары, көптөрдүн кызыгуусу менен таңдануусун жараткан заманбап, кубаттуулары да бар.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки биринчи парад 1945-жылдын 24-июнунда Москвадагы Кызыл аянтта өткөн. Аны Советтер Союзунун маршалы, 1-Беларусь фронтунун командачысы, Жогорку башкы командачынын орун басары Георгий Жуков кабыл алган. Ал эми парадды Советтер Союзунун маршалы, 2-Беларусь фронтунун командачысы Константин Рокоссовский башкарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0