Токтогул суу сактагычы кейиштүү абалга жеттиби? Дрондон тартылган видео

Жазылуу
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөп кетти. Биз абалды жеринен тартып, сиздерге көрсөтөлү дедик.
Токтогул гидроэлектростанциясы өлкөнүн электр энергиясынын дээрлик 30 пайызын иштеп чыккан Кыргызстандагы эң башкы ГЭС болуп саналат. Ал жарым кылым илгери 25 айылдын, бир кыш заводунун жана Токтогул көлүнүн ордуна курулган.
Күн жылуу маалында ал толот, ал эми суук түшкөндө жылытуу сезонуна коротулат.
Суу сактагычка 19,5 миллиард куб метр суу батат. Ал канчалык көп толсо, кышында жылуулук, электр энергиясы тартыш болбойт.
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Жарык кайрадан өчүрүлө баштайбы?
Эгерде суунун деңгээли 5,5 миллиард куб метрге чейин түшүп кетсе, анда станция эч кандай электр энергиясын иштеп чыгара албай калат. Быйыл суунун көлөмү кескин азайып, суу сактагычтын түбүндө калган кыш заводунун курулуштары көрүнүп калды.
Айрым "кара археологдор" пайда табуу максатында металл издеп, урандылардын жанындагы жерди казышкан. Мындай суу аз калган учурлар буга чейин да катталган. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына ылайык, суу сактагычта суунун көлөмү 2009-жылдын май айында 6,3 куб метр, 2014-жылдын майында 8,4 миллиардга чейин түшкөн. Учурда сууну деңгээли 9 миллиард куб метрди түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0