Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды

88
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) расмий YouTube каналына апрель айындагы беттештерде мөөнөтүнөн мурда болгон жеңиштерди жарыялады.

Тандалгандардын көпчүлүгүндө мушкерлер биринчи эле раундда жыга чаап, сулата тээп жеңишке жетишкен. Тизмеге монгол мушкери Данаа Батгерелдин, америкалык атлеттер Крис Кертис, Рональд Дунлап жана Терренс Маккиннинин кармаштары киргизилди.

Терренс атаандашын 17 секундада уткан. Адегенде атаандашын тебем деп кулап, кайра турган. Кийин бутуна кирип жерге жыгып, ордунан тургузбай сабап салган. Калыс кийлигишип беттеш токтотулган.

88
Белгилер:
UFC, нокаут, беттешүү, жеңиш
Тема боюнча
UFC Валентина Шевченконун мыкты ирмемдерин жарыялады. Видео

Камгактай учуруп... Нарын университетинин чатырын шамал алып кеткен видео

437
(жаңыланган 14:16 31.07.2021)
Кырсык 30-июль күнү болгон. Шаар тургуну чатырдагы тунукелер шамалга учуп, жолго түшүп жаткан кадрды жарыялады.

Катуу шамал Нарын мамлекеттик университетинин эски имаратынын чатырын учуруп кетти.

Кырсык катталган учур Нарын шаарынын тургуну Алмаз Бергеншаевдин автоунаасындагы видеобайкоого тартылып калган. Ал кадрды Facebook баракчасына жарыялады.

Күбөнүн айтымында, окуя кечээ, 30-июлда, болгон.

Нарын мамлекеттик университетинин имараты авариялык абалда тургандыктан учурда колдонулбайт.

437
Белгилер:
Нарын, Университет, шамал, чатыр
Тема боюнча
Катуу шамал үч адамды жабыркатып, Чүйдөгү мектептин чатырын учуруп кетти. Видео

Эки баштуу жылан эки чычканды бир убакта жеп... Таң калтырган видео

407
(жаңыланган 12:31 31.07.2021)
Мичиганда сойлоп жүрүүчүлөрдүн зоопаркын негиздеген Брайан Барчик эки баштуу жыланы — Бен менен Жерри кантип тамактанарын көрсөттү.

Видеодон сары темгилдери бар эки баштуу күрөң жылан бир убакта эки чычканды жутуп жатканын көрүүгө болот.

"National Geographic Россия" сайтынын жазышынча, Бен менен Жерри уусу жок жыландар. Ал АКШнын бир катар штаттары менен Мексикада кездешет. Узундугу ашып кетсе 1,5 метрге жетип, өңү агала, карала, кээде сары, күрөң, сары-кара, аппак да болот.

Мындай жыландар көбүнчө кемирүүчүлөр, канаттуулар, башка сойлоочулар жана амфибиялар менен азыктанат. Алардын жаак булчуңдары питонго караганда күчтүү келери айтылат.

Агенттик адамдарда эмбриондордун туура эмес бөлүштүрүлүшү сиам эгиздеринин төрөлүшүнөн алып келсе, жаныбарларда да ушундай көрүнүштөр болорун Бен менен Жерри тастыктап турарын белгилеген. Дүйнөдө эки баштуу жылан менен таш бакалар 10 миң учурдун бирөөсүнө туура келет. Ошондо дагы көпкө жашай албайт.

407
Белгилер:
жылан, чычкан, тамактануу, видео
Тема боюнча
Жылан кишини аз жерден муунтуп кое жаздады. Австралияда тартылган видео
Ак үйдүн жанындагы жылан. Фотофакт
Медицинский работник готовится ввести пациенту вакцину против коронавирусной болезни (COVID-19) в Тель-Авиве, Израиль. 21 июня 2021 года

Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды

0
Жалпысынан өлкөдө 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 17 194 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери 16 722 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 472си экинчи дозасы менен эмделген.

Жалпысынан Кыргызстанда 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөгө AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилген.

Андан мурда, тагыраагы, 11-июлда, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, вакцина, эмдөө, коронавирус, иммунитет
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет