Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды

253
Алматылык "Кайрат" футбол клубу жарым коргоочусу, мыкты дриблинги жана шамдагайлыгы менен кыргызстандык "Месси" атыккан Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма чыгарды.

Кыргызстандын улуттук командасынын 20 жаштагы оюнчусу 2020-жылдын январынан тарта алматылык "Кайрат" клубуна өткөн. Жакында эле клуб менен 2023-жылдын аягына чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

Буга чейин ал беларустук "Неман" клубунун намысын коргогон. Футболчу ар дайым Европа клубдарында ойноону максат кылганын айтат. Учурда алматылыктардын намысын коргоп жатканына ыраазы экенин белгилеген.

Кыргызстанда спорттук карьерасын баштаган оюнчу "Дордой" клубунда тарбияланып, жергиликтүү "Кара-Балта", "Алга" командаларында ойногон. Мындан сырткары, түркиялык "Антальяспор" клубунда өзүн сынаган.

Тасмада Алыкулов Алматыдагы жашоосуна ыраазы экенин айткан. Атасын эстеп, ар тараптан колдогон үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирет.

"Кайраттын" башкы машыктыруучусу Алексей Шпилевский кыргыз футболчусун "Немандын" сабында ойноп, атаандаштын жарым командасын буйтап өтүп гол киргизгенде байкаганын айтат. Гүлжигит Европада ойногусу келген изги тилегине карабай, бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин Казакстанга келген.

Машыктыруучу кыргыз футболчусунун өз алдынчалыгын жана жеңиш үчүн умтулган кайраттуу мүнөзүн өзгөчө белгиледи.

Алыкулов өзү болсо "Кайраттын" сабында дагы бир жолу Казакстандын чемпиону болууну жана Кыргызстандын улуттук курамасы менен дүйнө чемпионатында ойноону самаарын белгиледи.

253
Белгилер:
Казакстан, Алматы, ФК Кайрат, даректүү тасма, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты

45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу

77
(жаңыланган 11:30 15.06.2021)
Чехиянын курама командасынын чабуулчусу Патрик Шик Европа чемпионатынын тарыхындагы суктанарлык голдордун бирин киргизди.

Кечээ Чехия Шотландияны Евро–2020нын алкагында өткөн тайпалык этаптын биринчи турунда жеңип алып, эсеп 2:0 менен аяктады. Биринчи таймдын аягында Шик топту атаандаштарынын дарбазасына башы менен уруп киргизген.

Оюндун 52-мүнөтүндө чехтер чабуулду күчөткөн. Шик каршылаш оюнчулардын дарбазачысы ордунан алысыраак турганын байкап, топту талаанын борборунан туруп тепкен. Видеодон көкөлөп учуп барып, дарбазанын темиринин астынан топ да киргенин, артынан чуркап күүлөнүп токтоно албай дарбазачы да кошо кирип кеткенин көрүүгө болот.

​Оюнчунун голду 45,44 метр аралыктан киргизгени маалым болду. Ошентип, бул Европа чемпионатындагы кеминде 1980-жылдан берки эң алыстан киргизилген топ болуп калды. Мурдагы рекордду немец Торстен Фрингс (35,3 метр) койгон. Лидерлердин үчтүгүндө 1996-жылы 31,27 метрден атаандаштарынын ичин күйгүзгөн Владимир Бесчастных да бар.

​Футбол боюнча Европа чемпионаты былтыр жай айында өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам аны 2021-жылга жылдырган. Матчтар 11-июлга чейин Европанын бир нече шаарларында өтөт.

77
Белгилер:
дарбазачы, гол, футбол, Европа чемпионаты
Тема боюнча
Италиялык футболчу 65 метр аралыктан укмуштуудай гол киргизди. Видео

Кирпигин 20 сантиметрге чейин өстүргөн кытайлык аял рекордун жаңылады. Видео

101
(жаңыланган 10:26 15.06.2021)
Кытайлык аял кирпигин 20,5 сантиметрге чейин өстүрүп, дүйнөдөгү эң узун кирпиктин ээси аталып, рекорд жаңыртты.

Кытайдын Ю Цзянься аттуу тургуну 2016-жылы дүйнөдө эң узун кирпик өстүргөнү үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда анын кирпигинин узундугу 12 сантиметр болчу.

2021-жылдын 20-майында китептин адистери анын кирпиктерин кайрадан ченеп, жаңы рекордду аныкташкан. Аялдын кирпиктеринин орточо узундугу 20 сантиметр болгон. Бирок алардын арасынан сол көзүндөгү бир кирпиктин узундугу 20,5 сантиметр экени аныкталган.

"Менин кирпиктерим тыным албай өсүп жатканын түшүндүм. Алар узаргандан узарып эле баратат. Кирпиктерим башкалардыкына салыштырмалуу эмне себептен узарып жатканын билиш үчүн дарыгерлерге да кайрылгам. Алар себебин айта алышкан жок, таң калышты", — деди Цзянься.

Аял кирпик боёгучтарды таптакыр колдонбой турганын айтып, узун кирпиктери көзүн боёксуз сулуу көрсөтөрүн белгилеген.

101
Белгилер:
видео, аял, рекорд, Гиннес китеби, Кытай
Тема боюнча
Атаандашын жонуна көтөрүп. Япониялык дзюдочу кыздын кубанткан видеосу
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

7
(жаңыланган 12:28 15.06.2021)
Садыр Жапаров Кытай лидерин туулган күнү менен куттуктап, анын "кыраакы саясаты менен салмактуу чечимдери Кытайды эл аралык аренада алдыңкы орундарга кармап турганын" белгиледи.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин кыраакы саясатыңыздын, салмактуу чечимдериңиздин натыйжасында Кытай эл аралык аренада ишенимдүү алдыңкы орундарды ээлеп турат. Кытайдын "Бир алкак — бир жол" демилгеси дүйнө жүзүнө таанылып, ар кайсы континенттеги көптөгөн мамлекеттерди бириктирген демилгеге айланды", — деп айтылат куттуктоодо.

Мындан тышкары, Жапаров Кытай COVID-19 коронавирусуна каршы күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишкенин баса белгилеп, бул жаатта Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд. Архив
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
"Кытай тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп келе жаткан гуманитардык жардам үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кыргызстан ар дайым Кытайдын достук мамилесин жана колдоосун сезип турат", — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы кыргыз-кытай мамилелеринин бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча конструктивдүү ишти мындан ары да улантууга даяр экенин ырастады.

Белгилей кетсек, Си Цзиньпин бүгүн, 15-июнда, 68 жашка чыкты.

7
Белгилер:
куттуктоо, Си Цзиньпинь, Кытай, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Кытай Кыргызстанга аскердик унаа жана техника берди. Сүрөт
Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жактан жардам кылып, грант бөлөт