Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео

Жазылуу
Бүгүн мусулман эли Орозо айтты белгилеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаалдан улам эл айт намазга борбордук аянттарга эмес, мечиттерге гана чогулду. 
Бишкек шаарында  Имам Сарахси атындагы башкы мечитте  шаардын миңдеген тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы окулду.
Намазга эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15те башталды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады
Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев "Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери" деген темада баяндамасын жасап, кыргызстандык мусулмандарды куттукташты.
Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң куран окулуп, маркумдарга жана Баткен окуясында каза тапкан бир туугандардын арбактарына багышталды.
Быйыл орозо айы 13-апрелде башталып, 30 күнгө созулду. Айт күнү мусулмандар тууган-уруктарынын үйүнө барып ал-жай сурап, айттап, ошондой эле көзү өтүп кеткен жакындарына багыштап куран окушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0