Казакстан учкучу жок алгачкы аппаратын сыноодон өткөрдү. Видео

392
Казакстандын Коргоо министрлиги ата мекендик өндүрүштөгү "Шагала" аталышындагы алгачкы учкучу жок учуучу аппаратын Нур-Султан шаарына жакын жерде сынаганын билдирди.

Аны Улуттук коргоо университетинин окумуштуулары жасап чыккан. Аппарат аймакта чалгындоо иштерин жүргүзүүгө багытталган жана 3500 метр бийиктикте эки саат учуп жүрө алат. Ошол эле маалда 30 чакырымга чейинки аралыкта башкарылып, керектүү объектилердин координаттарын операторго жиберет.

Аппарат казакстандык программалык камсыздоо менен иштейт. Адистер "Шагала" башка чет элдик жабдуулардан кем калышпай турганын жана салыштырмалуу бир топ арзан экенин айтышууда.

392
Белгилер:
видео, коргоо, Казакстан
Тема боюнча
АКШ Украинага жаңы курал берет. "Жавелин" комплекстеринин саны артты
Бура бастырбаган табылга. Россиянын жаңы стратегиялык ракета ташуучусу
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

126
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

126
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

197
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

197
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео