17 жылдан кийин: "Друзья" сериалынын атайын чыгарылышы көрсөтүлөт. Видео

Жазылуу
Көрүүчүлөргө акыркы сериясы 17 жыл мурда тартууланган айтылуу "Друзья" сериалынын атайын чыгарылышы көрсөтүлөт. Анын трейлерин HBO Max киносервиси жарыялады.
Бул жолку атайын сериясында өз ролдорун Женнифер Энистон, Кортни Кокс, Лиза Кудроу, Мэтт Леблан, Мэттью Перри жана Дэвид Швиммер аткарышат. Ошондой эле ага ырчылар Жастин Бибер, Леди Гага, Кореянын BTS тобу, футболчу Дэвид Бэкхем, актерлор Синди Кроуфорд менен Кит Харингтон катышмакчы.
27-майда көрсөтүлө турган атайын чыгарылыш эч бир сценарийсиз тартылды. Анда актерлор менен коноктор тартуу процессинен баштап ошол кездеги мамилелери, кийинки турмушу тууралуу сүйлөшүшөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0