Димаш 27 жашка толду. Ырчынын бала чагындагы архивдик кадрлары

Жазылуу
Бүгүн казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген 27 жашка толуп, туулган күнүн белгилеп жатат. Артисттин YouTube каналына анын бала кезиндеги видеосу жарыяланды.
Архивдик кадрдан кичинекей Димаш үй-бүлөсүнүн коштоосунда ырдап, домбура черткилеп атканын көрүүгө болот. Бул ырчынын күйөрмандарынын жүрөгүн элжиретип, бир нече саатта эле видеону 45 миңге чукул адам көргөн.
Певец Димаш Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2019
Тушоосун кыргыздар кескен. 25ке чыккан дүйнөлүк жылдыз Димаш тууралуу 9 факты
Дүйнөнү багындырууга 16 жашында кадам таштаган. 2012-жылы Украинадагы "Чыгыш базары" конкурсун, ал эми 2013-жылы Кыргызстанда, тагыраагы, Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" сынагын утуп алган. Димаштын атын Кытайда өткөн таланттардын сынагы дүйнөгө таанытты. Ошондон тарта атагы алыска кетип, дүйнө кезип жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0