Садыр Жапаровду Сочиде кантип тосуп алышты. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду ташыган №1 борт Сочи шаарынын аэропортуна конду. Өлкө башчы тосуп алган тарап менен амандашкан соң жолугушууларга жөнөп кетти.
Жапаров Россияга бүгүн, 24-майда, иш сапары менен учуп кеткен. Сапардын алкагында өлкө башчы РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү тууралуу сүйлөшүп, регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулай турганы кошумчаланды
Жаңылыктар түрмөгү
0