Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео

255
(жаңыланган 15:49 25.05.2021)
Арстанбек Базаркулов — ядро ыргытуу боюнча спорт чебери. Ал майыптыгына карабай өжөрлүгү, өзүнүн аракети менен Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадага лицензия утту.

Мелдеш алдында Sputnik Кыргызстан агенттиги спортчунун жашоо-турмушу менен таанышып келди.

Спортчу келинчеги Зулайка экөө тең шал оорусу (ДЦП) менен жабыркайт, биринчи топтогу майыптар. Мындан улам оор жумушта иштей алышпайт. Мамлекеттен айына 6 миң сомдон жөлөк пул алып жашаарын айтышты. Бирок үй-бүлөнүн кыялы, ой-максаты бийик.

Эки баланын ата-энеси учурда Бишкектин Алтын-Казык жаңы конушунда батирде турушат. Ал жерде Базаркулов үчүн ылайыктуу машыгуу залы жок болгондуктан, кайрымдуулук фондунан алган электромобили менен 25 чакырым алыс жайгашкан Канттагы өспүрүм балдардын спорттук мектебине барып машыгат.

Арстанбек менен толук маек өзүнчө жарыяланды.

255
Белгилер:
паралимпиадалык оюндар, видео, майып, спорт, Арстанбек Базаркулов
Тема боюнча
Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот
Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды
Олимпиадага үч ай калды, Спорт агенттигинин 45 млн. карызы бар. Даярданып жетишеби?
Келинчегимди жигитинен тартып алгам... Паралимпиадага барчу Арстанбектин маеги

Адамдын боорукерлиги: суу каптаган апааттан кирпини сактаган кишинин видеосу

75
(жаңыланган 12:17 21.06.2021)
Крымдын аймагын каптаган кубаттуу циклон түйшүк жаратып, элди бир топ чыгымга кириптер кылды. Аймактарды каптаган суу киши боюна жакындаган. Чыгыш-Крым тарыхый-маданий музей-коругу суу ташкында кирпини алардын кызматкери куткарган видеону жарыялады.

Кадрдан сууга түшүп кетпегенге аракет кылып жаныбардын калкыган темирге бекем жабышып турганын көрүүгө болот. Эгерде ирим бир аз эле күчтөнсө, колдун башындай болгон кирпини суу жууп кетери турган иш эле. Жаныбарды байкап калган корук кызматкери аны аярлап алып, "жай" издеп жүргөнү тартылып калган.

Адатта адамдын колуна келгенде качканга аракет кылып, буттарын тыбырчылатып жиберчү кирпи чечендин каршылык кылбай, көздөрүн тостойткон тейде тынч турганы кадрга түшүп калган.

Ал суу биринчи кабатына бир аз жетпей калган үйлөрдүн бирине барып, жашоочусу менен сүйлөшүп, кирпини коопсуз колго тапшырган. Улгайган адам балкондон жипке байлап баштык түшүрүп, ага салынган жаныбарды кайра өзүнө тартып алган.

Маалыматта суу кечип, кирпиге жаңы кожоюн издеп жүргөн ак пейил адам Анатолий Щербак аттуу кызматкер экени айтылган.

Видеонун аягында интернет-колдонуучулардын куткарылган кирпи үчүн ага ыраазылык билдиргенин окууга болот.

75
Белгилер:
суу ташкыны, суу, кирпи, Крым
Тема боюнча
Томпоңдоп чуркап, жыт алып качкан бала аюу. Сары-Чат—Ээр-Таштан тартылган видео

Индия: кабыландын итти жаткан жеринен тамактап, көтөрүп кеткен видеосу

242
(жаңыланган 08:49 21.06.2021)
Индияда үйдүн алдында жаткан итти кабыландын байкатпай келип басып калып, тамактан тиштеп караңгыны көздөй алып кеткен учуру видеого түшүп калган.

The Hindustan Times басылмасы бул окуя бир нече күн мурда Махараштра штатындагы Нашик шаарында болгонун жазды. Эртең менен ойгонгон үй ээси эшиктин алдынан тамчылаган канды көрүп, орнотулган камераны караган. 

Кадрдан бооз кабылан акырын басып келип, олжосун алгач жыттап, ит ойгонгондо дароо басып калганын көрүүгө болот. Андан соң темир тордон тиштеген итти эч буйдалбай көтөрүп өтүп кеткен.

Бул окуянын видеосу социалдык тармакка тездик менен тарап кеткен. Ошол аймактын жашоочулары жергиликтүү бийликтен айланада каңгып жүргөн кабыландар боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүүнү талап кылышкан.

242
Белгилер:
олжо, ит, кабылан, Индия
Тема боюнча
Гепард, леопард, пантера... Жырткычтардын кыргызчасын атап беребиз
Автоунаалар Бишкек - ​​Ош трассасында бара жатат

Шейшембиге карата аба ырайы