Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма

446
(жаңыланган 14:41 28.05.2021)
Коомдун талуу көйгөйлөрүнүн бири болгон ала качуу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын материал даярдады. Жосунсуз жорук суюлуп, токтогуча ала качуу темасы айтыла да, жазыла да бермекчи.

Кечээ Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулганы маалым болуп, муну милиция шектүүнүн көз жумгандыгы менен байланыштырды. Иш жабылганы менен ала качуу темасы жабылып калбаш керек. Анткени ар бир адамдын Айзада, Бурулайга окшогон кызы, эжеси, карындашы бар...

Канткенде зордук-зомбулукту, анын ичинде ала качуу деген терс адатты алдын алып, токтото алабыз? Коомдун аң-сезимин өзгөртүү үчүн эмне кылуу керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп издеп, өткөн окуяларга сереп салып, ала качуунун айланасында атайын чакан тасма даярдады.

446
Белгилер:
тасма, видео, Бурулай Турдали кызы, Айзада Канатбекова, кыз ала качуу
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (53)
Тема боюнча
Кабар алып туралычы! Эже-карындашына кайдыгер ага-инилерге кайрылуу

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео

37
(жаңыланган 20:37 17.06.2021)
Кыргызстан россиялык "Спутник V" вакцинасынын кезектеги, тагыраагы, үчүнчү партиясын алды. Препаратты коронавирус көбүрөөк тарап жаткан аймактарга беришет.

Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортуна "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы жүктөлгөн учак келип конду. Бул россиялык препараттын үчүнчү партиясы. Буга чейин апрель менен майда 40 миңин алып келишкен.

Кыргызстан жалпысынан аталган вакцинанын 500 миң дозасына буюртма берген. Гуманитардык жардам менен дагы ушунча сандагысы келмекчи. Россиялык бул препаратты сатып алууга 215 миллион сом жумшалды. Дагы 815 миллион сом бөлүү чечилгенин Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымына караганда, келген партиялар эпидемиологиялык жактан көйгөй чыгып жаткан Бишкек, Ош шаарларына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облусуна бөлүнмөкчү. Ал препараттын 40 миң адамды эмдегенге жетерин кошумчалады.

Саны чектелүү болгондуктан россиялык "Спутник V" вакцинасы өнөкөт оорусу барлар менен улгайган жарандарга гана сайылууда.

37
Белгилер:
вакцина, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Вице-мэр: Бишкекте жамаат менен коронавируска каршы эмделсе болот
900 кишиге мөөнөтү өткөн вакцина сайылып... Нью-Йорктогу окуя

Айдоочуга сыноо, жүргүнчүгө азап берген жол. Бишкек Ош трассасынан репортаж