Супер Ай кантип тутулат. Укмуштуудай кубулуштун видеосу

2999
(жаңыланган 19:05 27.05.2021)
Кечээ кечинде Ай толугу менен тутулуп, буга кошумча Супер Ай көрүндү. Бирок Кыргызстанда байкоо жүргүзүүгө мүмкүн болгон жок.

Айдын тутулуусу Түндүк Американын батыш жээгинде, Тынч океанда, Индонезияда, Австралияда, Азиянын чыгыш жээгинде, Сибирдин түштүк-чыгышында жана Ыраакы Чыгышта байкалды. Кыргызстандын аймагынан көрүнгөн жок.

Бирок кыргызстандыктар Супер Айга күбө болду. Мында Ай тутулганда спутник Жерге болушунча жакындап, Айдын шакекчеси чоң болуп көрүнөт. Эң көп жакындаган учуру Бишкек убактысы боюнча саат 7:52ге туш келди. 

2999
Белгилер:
видео, ай
Тема боюнча
Марс планетасына алгачкы тик учак кантип конду. Тарыхый сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео

29
(жаңыланган 20:37 17.06.2021)
Кыргызстан россиялык "Спутник V" вакцинасынын кезектеги, тагыраагы, үчүнчү партиясын алды. Препаратты коронавирус көбүрөөк тарап жаткан аймактарга беришет.

Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортуна "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы жүктөлгөн учак келип конду. Бул россиялык препараттын үчүнчү партиясы. Буга чейин апрель менен майда 40 миңин алып келишкен.

Кыргызстан жалпысынан аталган вакцинанын 500 миң дозасына буюртма берген. Гуманитардык жардам менен дагы ушунча сандагысы келмекчи. Россиялык бул препаратты сатып алууга 215 миллион сом жумшалды. Дагы 815 миллион сом бөлүү чечилгенин Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымына караганда, келген партиялар эпидемиологиялык жактан көйгөй чыгып жаткан Бишкек, Ош шаарларына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облусуна бөлүнмөкчү. Ал препараттын 40 миң адамды эмдегенге жетерин кошумчалады.

Саны чектелүү болгондуктан россиялык "Спутник V" вакцинасы өнөкөт оорусу барлар менен улгайган жарандарга гана сайылууда.

29
Белгилер:
вакцина, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Вице-мэр: Бишкекте жамаат менен коронавируска каршы эмделсе болот
900 кишиге мөөнөтү өткөн вакцина сайылып... Нью-Йорктогу окуя

Айдоочуга сыноо, жүргүнчүгө азап берген жол. Бишкек Ош трассасынан репортаж

124
(жаңыланган 18:26 17.06.2021)
Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирүүдө. Узаган аптанын дем алыш күндөрү өлкөнүн негизги трассаларында 15 адам набыт болду. Айдоочулар аңгектен качсаң дөңгөккө кептеген жол каргашанын бир себеби болуп жатканын айтат.

Аталган трассанын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылында өткөн аптанын аягында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Honda Odyssey кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жети адам мерт болду. Ал эми Чолпон-Атада үч жана Ноокат районунда алты адам каза тапты.

Буга президент Садыр Жапаров да көңүл буруп, ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу ишин күчөтүүнү тапшырды.

Түндүк менен түштүк региондорун бириктирип турган жолдогу аң-чөнөктөр күн сайын көбөйүп жатат. Ал эми оңдоо иштери башталган тилкелер үч-төрт жылдан бери бүтпөй турат. Жолдордун абалын жеринен көрүп, көйгөйдү коомчулукка жеткирүү максатында Sputnik Кыргызстандын кабарчылары таксиге отуруп Ошко сапар алды.

Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат.

Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол кура аларын айгинелейт.

Таксист Чолпонбай Мамасадыков бул жол менен 20 жылдан бери каттайт. Ал бизге ар бир жерди коён жатагына чейин көрсөтүп берди.

"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган. Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткенине күбө болдук.

Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп кеткен. Аң-чөнөктөн качып айдаганда Суусамырдан чыкканга чейин автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат.

"Соңку эки-үч жылдан бери жолдор өтө жаман болуп кетти. Эгер бурулуштарда аңдан качам деп каршы тилкеге өтө койсо, ары жактан катуу келген унаа менен кагышып кетиши мүмкүн. Кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат. Азыр тетиктер дагы кымбаттады, дөңгөлөк эле 2500 сом", — деди таксист.

Мамасадыковдун айтымында, мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатта жетип жатканын айтат. Мындан улам жеңил автоунааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.

Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетип Кочкор-Ата шаарына барып такалат.

Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.

Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен. Мындан улам чаң ызгып жол туман сымал астыңдан көрүнбөй калат.

Жалал-Абад шаарынан чыккандан кийин Ошко чейин аң-чөнөк жок, асфальт бүтүн.

Таксисттер Бишкек — Ош жолун жакшы билбегендерге кырсыктан оолак болуу үчүн күндүз гана жолго чыгууну сунуштайт.

Жыйынтыктап айтканда, эгер өкмөттүн планы кынтыксыз аткарылса, айдоочулардын түйшүгү жеңилдеп, түз жол менен каттап калат. Ага чейин абайлап, этияттык менен жүрүү талап кылынат.

124
Белгилер:
репортаж, трасса, айдоочу, Бишкек – Ош жолу
Тема боюнча
Ноокенде бензовоз оодарылып, 15 тонна солярка жолго төгүлдү. Сүрөттөр
Унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткен. Баткендеги жол кырсыктан бир киши каза тапты
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

0
(жаңыланган 22:38 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүн" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон

0
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу