Кишинин жүрөгүн түшүрөт. Айгүлдүн кызыктуу кесиби жөнүндө видео

Жазылуу
Бүгүнкү видеонун каарманы адамды таанылгыс кылып өзгөртүп коё алат. Салмак кошот же кебетесин өзгөртөт. Чеберчилигин көрсөтүп берүүнү суранып, аны студияга чакырдык.
Айгүл Кыдыралиева — грим боюнча сүрөтчү. 17 жашында телекомпанияга визажист болуп орношуп, бирок чыгармачылыгын тереңдетүү үчүн башка жакка өткөн. Чоң кинодо иштесем деген тилеги болгон. Москвага кетип, кесибин өркүндөтүп, уникалдуу образдарды түзүүгө, көкүрөктө жаткан идеяларды турмушка ашырууга мүмкүнчүлүк алган. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйгүл Кыдыралиева — грим боюнча сүрөтчү
Художник по гриму Айгуль Кыдыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айгүл Кыдыралиева — грим боюнча сүрөтчү
Манас. Саякбай. Чыңгыз. Көл жээгинде Саякбайтасмасын тартуу аяктап калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2016
Элдар Айтматов атасынын ролунда. Көлдө "Саякбай" тасмасы тартылып жатат
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйгүл Кыдыралиеванын айтымына караганда, тарыхый образды түзүү ага кыйыныраак
Художник по гриму Айгуль Кыдыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айгүл Кыдыралиеванын айтымына караганда, тарыхый образды түзүү ага кыйыныраак
Айгүл Кыдыралиеванын айтымына караганда, тарыхый образды түзүү ага кыйыныраак. Буга оор грим колдонулат. Актёрлорго кабат-кабат кылып калың коюлган грим менен сааттап жүрүүгө туура келет. Негизи бул төрт саатка гана созулушу керек деген талап болгону менен ал көп учурда кагаз бетинде эле калат.
Дагы бир учур, Айгүл канжалаган образдарды түзүп иштегенди жакшы көрөт. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйгүл Кыдыралиева киночулар менен иштеше турган болсо бир жыл мурда келишим түзөт
Художник по гриму Айгуль Кыдыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айгүл Кыдыралиева киночулар менен иштеше турган болсо бир жыл мурда келишим түзөт
Ал — ар кыл "жаракат" алгандар, колу-буту "тилинип" кеткендер же "жараатынан өлгөндөр". Кээде адамдын кесилген колун, тилин жасап берүүнү айтып, кайрылышат. Бул кинофильм үчүнбү же башкаларды чочутуп ойноо максатын көздөйбү, ага белгисиз бойдон каларын бизге айтып берди.
"Негизи кинофильмдин ийгилиги режиссёрго байланыштуу. Эгерде оюн жеткиликтүү, жакшы түшүндүрсө, гример аны дал өзүндөй жасап берет. Бирок көп учурда режиссёр эмнени каалап жатканын өзү да билбейт", — дейт Кыдыралиева.
Бүгүн гримерго кайрылгандар арбын, себеби Кыргызстанда кино индустриясы жаңы гана өнүгүп баштады. Кыдыралиева менен иштешчү киночулар бир жыл мурда келишим түзүп койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0