Өкмөт уулуу калдыкты казып, 106 тонна алтын алууга белсенди. Кумтөрдөн видео

2348
(жаңыланган 16:44 29.05.2021)
Кумтөрдүн калдык сактоочу жайынын аянты 400 гектар. Алтын ылгап алгандан кийин чыккан уулуу заттарды ушул жерге алып келип төгүшөт. Бүгүнкү күндө сакталып турган уулуу калдыктын көлөмү 95 миллион кубга жетти.

Уулуу калдык менен кошо 106 тонна алтын жатканы айтылат. Учурда кыргыз өкмөтү ошол алтынды жана казып алуунун технологиясын изилдеп жаткан учуру. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Кумтөр кениндеги кырдаал менен жеринен таанышып келди.

Калдык сактоочу жайдан чыккан сууну атайын жабдуулар тазалап, зыяндуу заттардан арылтышы керек. Себеби ал агып барып эл иче турган Кумтөр суусуна куят.

Деген менен Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова азыркы учурда суу цианид кошулмасы менен эле агып жатканын белгиледи.

"Бул суу, албетте, текшерилет, компания өндүрүштүк мониторинг жүргүзөт. Өздөрү текшергенде цианиддин калдыктары бар деген маалыматтар чыгып жатпайбы. 2012-жылы Германия, Словениянын лабораториясы, парламенттик комиссия иштеп жаткан учурда Улуттук ядролук борбор, Кадамжай санэпидем борбору, 4-5 лаборатория текшерип, баарынын эле маалыматтары окшош чыккан. Оор металлдардын концентрациясы ашып кеткени айтылган. Цианид болгон. Азыр деле мындан чыгып жаткан сууда цианиддин калдыгы бар", — деди Кутманова.

Ошондой эле ал калдык сактоочу жайдын жыл сайын катмары калыңдашы, анын үстү жагындагы Петров көлүнүн жээги жакшы бекемделбегени да кооптуулук жаратып жатканын айтат.

"Мунун эле өйдө жагында, маңдайында Петров көлү бар. Экөөнүн аралыгы 5 чакырым. Ошонун суусу ашып келсе бул жакты дароо жууп кетет. Дамбадагы цианиддин баары Кумтөр суусуна кетет", — деди өлкөнүн башкы экологу.

Буга чейин Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бул жердеги 106 тонна алтын өлкө эсебине өткөрүлөрүн айткан. Анын билдиришинче, беш-алты жылда баарын казып алып, 5,2 миллиард доллар пайда тапса болот. Адистер мунун техникалык долбоорлоо негиздемесин бир жылдын ичинде даярдайт.

2348
Белгилер:
текшерүү, суу, Динара Кутманова, алтын, калдык, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
Тема боюнча
Кумтөр — Centerra компаниясынын негизги активи. Себеби жана чоо-жайы
Башкы эколог Кумтөр тууралуу: бардык соттук процессте жеңерибизге ишенем
Centerra Кыргызстан койгон доону төлөөдөн баш тартса кантип өндүрөт? Жол-жобосу

Нокаутка кеткен Макгрегор. Мушкердин Порье менен экинчи ирет беттешкен видеосу

6
(жаңыланган 12:56 24.06.2021)
UFC уюмунун YouTube каналына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порье менен болгон экинчи беттеши жарыяланды.

Мелдеш ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өткөн. Порье Макгрегорду экинчи раундда нокаутка кетирген. Бул ирландиялык спортчунун карьерасындагы биринчи нокаут.

Эске салсак, мушкерлер алгачкы жолу 2014-жылы күч сынашкан. Анда Порье техникалык нокаут менен утулуп калган. 11-июль күнү экөө үчүнчү ирет бири-бирине каршы рингге чыгат.

6
Белгилер:
видео, беттешүү, Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

316
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

316
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?