Сактайм деген кишинин айласын кетирген коаланын видеосу

229
Австралиялык коала аны сактоого аракет жасаган кишинин колун тытып, айбат кылып качып кеткенге аракет кылган.

Аймакта кургакчылык болгон учурда жергиликтүү жаныбарлардын бири коала жолдун четине чыгып, суу издейт.

Жергиликтүү тургун Эдди Райт автоунаанын терезесинен жабырланып калышы мүмкүн болгон жаныбарды байкап, сактаганга аракет кылганын "National Geographic Россия" сайты жазды. Себеби буга чейин өтүп жаткан айдоочулардын бири да кичинекей жаныбарга көңүл бурган эмес.

Эдди Райт токтоп, багажниктен кол кабын алып чыгып, аны коопсуз жайга алып чыгууга аракет кылган. Бирок кишинин жакшы ниетин түшүнбөгөн жаныбар айбат кылып, колун тытып, бошонуп кетүүгө аракеттенген. Мындай кылыгы менен Эдди Райтты бир топ убарага салган.

Маалыматта корккон же ачуусу келген коала кишиге бир топ жаракат келтириши мүмкүн экени жазылган.

229
Белгилер:
видео, Коала, Австралия
Тема боюнча
Бакта бутун учкаштырып отурган "сексуалдуу" коала интернетти дүң кылууда

Саясатташкан айбанаттар. Желек "уурдаган" токой жаныбарынын видеосу

21
Кадимки эле кемчеттин паркка сайып койгон желектин таяктарын түбү менен сууруп алып, шашып, күч менен сүйрөп бараткан учуру интернетке тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, канадалык сүрөтчү Майк Дигаут паркка желекти сайып коюп, ага келген кемчетти видеого тартууну көздөгөн. Бирок маалыматта анын планы эки эсе майнаптуу болуп, жаныбар "саясатташып кетип" ал тургай желекти ийинин көздөй сүйрөп жөнөгөн.

Видеодогу каарманды аты Spud (Картофелина) жана бир жашта экени айтылды.

Кадрдан анын басып келип, жыгачка сайылган желекти айландыра карап, андан соң эки буттап тура калып, жетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Анысы майнаптуу болбогондон кийин сайылып турган таякты жулууга тырмышып жатып, тиштегилеп да жиберип, акыры максатына жеткен.

Анын желек байланган таяктардын бирин тиштеп алып чуркап кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен видео бүтүп калган.

"Spud —жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн сүймөнчүгү, кишилерден коркпойт жана паркта пайда болгон жаңы объектилерди кызыгуу менен карап чыгат", — деп жазылган сайтта.

Анын адамдардан чочубаганы сүрөтчүлөрдүн кызыктуу ирмемдерди кармашына жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берери да айтылган.

21
Белгилер:
желек, видео, Канада
Тема боюнча
Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео

Нокаутка кеткен Макгрегор. Мушкердин Порье менен экинчи ирет беттешкен видеосу

67
(жаңыланган 12:56 24.06.2021)
UFC уюмунун YouTube каналына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порье менен болгон экинчи беттеши жарыяланды.

Мелдеш ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өткөн. Порье Макгрегорду экинчи раундда нокаутка кетирген. Бул ирландиялык спортчунун карьерасындагы биринчи нокаут.

Эске салсак, мушкерлер алгачкы жолу 2014-жылы күч сынашкан. Анда Порье техникалык нокаут менен утулуп калган. 11-июль күнү экөө үчүнчү ирет бири-бирине каршы рингге чыгат.

67
Белгилер:
видео, беттешүү, Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив

Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт

0
(жаңыланган 14:44 24.06.2021)
ӨКМ 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ага ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Ушул жума ичиндеги аба ырайы тууралуу синоптиктер кенен маалымат берген.

0
Белгилер:
сел, жаан-чачын, аба ырайы, ӨКМ
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы