Жолборстун көзү ачыла элек балдарынын видеосу

128
Сибирь жолборсунун жаңы тууган балдары менен жаткан кызыктуу видеосу интернетке чыгып, көптөгөн интернет-колдонуучулардын кызыгуусун жаратты.

Кадрлар Кытайдагы жаратылыш паркынан тартылган. Андан көзү али ачыла элек жолборстун кичинекей балдарынын боортоктоп жүргөнүн, сүт эмип жатканын жана энеси аларды тамактандырган учурларды көрүүгө болот.

Сибирь (амур) жолборсу 1980-жылы Кызыл китепке киргизилген. 1996-жылы жырткычтын бул түрүн тукум курут болуудан сактап калуу үчүн атайын парк уюштурулган.

Бул жай учурда Кытайдын Харбин шаарына жакын жердеги Сунгар дарыясынын боюнда жайгашкан. Ал 356 гектар аймакты ээлейт.

Маалыматта паркта 800гө чукул жолборс жашаары айтылган.

128
Белгилер:
жаратылыш, жолборс, Кытай
Тема боюнча
Жан айласын кылып сууга кирген антилопанын кейиштүү окуясы. Видео

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

105
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

105
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

187
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

187
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео