Горилла ымыркайды камкордук менен тиктеп, баласы менен "тааныштырып"... Видео

258
(жаңыланган 20:46 31.05.2021)
Бостондогу (АКШ) зоопаркта Кики деп аталган горилла айнектин ары жагында уктап жаткан бөбөктү бир нече убакытка чейин карап туруп, ал тургай өзүнүн баласы менен "тааныштырган".

Эмили Остин күйөөсү Майкл жана беш жумалык ымыркайы менен май айынын ортосунда Franklin Park Zoo деп аталган зоопаркка барган.

Энеси уулун вольерге орнотулган айнекке жакын алып барган. Аны көргөн ургаачы маймыл Кикинин энелик сезими ойгондубу, айтор, ал жерде кишини кайдыгер калтырбай турган көрүнүш болгон. Баланы тигиле караган маймыл ордунан жылбай бир нече убакыт турган.

Кадрдан жаныбардын үй-бүлөнү, өзгөчө ымыркайды кызыгып караганын көрүүгө болот.

Аял оролгон баланы айнекке жакын алып барганда маймыл аны сылаганга аракет кылган. Бир учурда жети айлык өзүнүн баласы менен "бөбөктү" тааныштыргандай аракет жасаган.

"Муну карап туруш өзүнчө ич жылытат. Кики беш мүнөттөй баланы өзгөчө камкордук менен тиктеп турду", — деген ымыркайдын энеси.

Маалыматта бул жаныбарды Борбор Азиядан алып келишкени жазылган. Азыркы баласын кошкондо Кики беш маймылдын энеси экени маалым болду.

258
Белгилер:
зоопарк, Бостон, АКШ
Тема боюнча
Сактайм деген кишинин айласын кетирген коаланын видеосу

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

52
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

52
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

166
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

166
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео