Бассейнге түшкөн аюулар. Жырткычтар эс алуу жайына кирип, "көңүл ачкан" видео

127
(жаңыланган 15:45 01.06.2021)
Ачык асман алдында бассейни, теннис аянты жана тамактануу жайлары бар эс алуу комплексине жети аюу кирип кеткен видео интернетке тарады.

Кадрлар YouTube тармагына жүктөлдү. Анда көрүнүп тургандай, жырткычтар теннис кортунда, бассейндин тегерегинде жүрөт. Айрымдарынын сууга түшүп жатканын дагы көрүүгө болот. Видео Теннесси штатындагы (АКШ) Great Smoky Mountains улуттук паркынын аймагында тартылганы айтылат. Аюулар ал жерде канча убакыт болуп, кийин кантип чыгарылганы тууралуу маалымат берилген эмес.

127
Белгилер:
эс алуу, видео, теннис, бассейн, аюу, АКШ
Тема боюнча
Горилла ымыркайды камкордук менен тиктеп, баласы менен "тааныштырып"... Видео

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

62
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

62
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

171
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

171
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео