* ЖЫЛАН * КИШИНИ * АЗ * ЖЕРДЕН * МУУНТУП * КОЕ * ЖАЗДАДЫ *

Жылан кишини аз жерден муунтуп кое жаздады. Австралияда тартылган видео

388
Австралияда питон кожоюнун тиштеп алганы аз келгенсип, муунтуп кое жаздады. Tag 24 порталы бул окуя Австралиядагы Квинсленд штатындагы Мортон-Бэй аймагында болгондугун жазды.

Жылан кармагыч Жош Касл жергиликтүү тургундун "бакчамда жылан жүрөт" деп кайрылганынан улам келген. Адис бадалдын арасынан жандыкты таап, акырын ийин жагына артып алып, андан соң үйдүн короосуна келген.

Оператор YouTube каналына коюш үчүн жылан кармагычтын ар бир кыймылын видеого тартып турган. Капилеттен эле питон мойнуна ороло баштап, бир аздан кийин анын чыкый жагын тиштеп алган. Окуянын мындай болуп кеткенин көргөн аял коркконунан чаңырып жиберген. Касл шашып кетип жыланды мойнунан ала баштаган. Кадрдан анын чочуп калганын байкоого болот.

Адис өзү менен кошо жыланды алып кетип, кийинчерээк эркиндикке кое берген.

388
Белгилер:
видео, жылан, Австралия
Тема боюнча
Сактайм деген кишинин айласын кетирген коаланын видеосу

Камалып кетесиңер! Ара жолдо калган ишкерди колдогон Жапаровдун видеосу

122
(жаңыланган 13:28 25.06.2021)
Апта ортосунда президент Садыр Жапаров ар кыл тармакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп, суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда өлкө башчысы бизнес өкүлдөрүнө шарт түзүп берүүгө, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга, мыйзамдарды өзгөртүп, инвестициялык климатта жакшыртууга кызыкдар экендигин билдирди.

Иш-чарада президент Ысык-Көл облусунда мындан үч жыл мурун эки кичи ГЭС курган жеке ишкер Рахатбек Ирсалиевдин суроосуна жооп берип жатып, анын маселесин чечпеген министр кызматынан кол жууганын айтты. Муну менен бирге башка мамлекеттик кызматкерлерге дагы катуу эскертүү берди.

"Рахатбек Ирсалиев үч жылда чакан ГЭСтен үчтү салган. Бирок андан өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет сатып албай, электр түйүнүнө кошпой келген. Анан айла жогунан ал биткоиндерди коюп алып иштеп келгенин билчүмүн. Мен кызматка келип эле министрге "келишим түз, булардан 2 сом 90 тыйындан сатып алалы" деп айткам. Ошол кезде импорттолгон электр энергиясы 2 сом 90 тыйын эле. Азыр 2 сом 70 тыйындан келишим түзүп жатабыз. Бир-эки ай өткөндөн кийин сурасам "келишим түзүлдү, чакан ГЭСтер менен маселе чечилди" деген. Ошол бойдон чечилди го деп жүргөм. Өткөндө, мындан 15 күн, бир ай мурун сизге чалып "маселе чечилген беле" десем "жок" дедиңиз. Мен кайра мурдагы министрге "эмнеге чечкен жоксуңар, мага чечилди деп маалымат бербедиңер беле" десем, "чечилген" деп дагы калп айтты. Мына, министрдин алмашканынын бир себеби ушул болду. Эми мындан ары саботаж кылып буйрук, мыйзамдарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер жөн эле кызматтан кетпейсиңер, камалып кетесиңер", — деген Жапаров.

Ирсалиев 2018-жылы 730 миллион сомго Тоң районуна эки кичи ГЭС курган. Ишкердин ал гидроэлектростанциялары өндүргөн электр кубатын мамлекет сатып албай коюп, анын барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес.

"Мен курган эки ГЭС үчүн мамлекеттик банктан алган насыямдын үстөк пайызы 2018-жылдан 2020-жылга чейин 500 миң долларды түзүп кетти. Бүгүнкү маалда мен аны төлөөгө аргасыз болуп жатам. Ошол себептен "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү токтоосуз киргизүү керек", — деди Ирсалиев.

Бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан маселени президент Энергетика жана өнөр жай министрлигине эки күндө чечүү тапшырмасын берген.

Эске салсак, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан 8-июнь күнү бошотулган. Аталган кызматка ал ушул жылдын февраль айында келген. Эми бул министрликти Доскул Бекмурзаев башкарып жатат.

122
Белгилер:
ишкер, энергетика, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым
Бизнеске кысым болууда! Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүнүн жолдорун айтты

Чектөө киргизбейбиз. Улукбек Мариповдун видео кайрылуусу

585
(жаңыланган 19:52 24.06.2021)
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылды. Ал коронавирус пандемиясы учурунда ар бир адам өзү жана жакындарынын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезиши керектигин эске салды.

Мариповдун айтымында, өкмөт массалык иш-чараларды эске албаганда чектөө киргизүүгө камынган жок.

"Ар бирибиз жакындарыбыздын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезишибиз керек. Бул сиздердин коронавирус пандемиясы менен күрөшкө кошкон салымыңыздар болот. Биз 2020-жылдын июль айы кандай болгонун эсибизден чыгарган жокпуз. Ошол окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин санитардык нормаларды сактаганыбыздан айланадагы адамдардын саламаттыгы көз каранды. Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын жашоосун коркунучка кептебеңиздер. Эл көп топтолгон жерлерге, тойлорго барууну азайтыңыздар", — деди Марипов.

Өкмөт башчы вакцинаны биринчи кезекте улгайган адамдар алышы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле өзү дагы жакында эмдөөдөн өтөрүн кошумчалады.

585
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, Улукбек Марипов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: эмделер алдында антителого тест тапшыруунун зарылдыгы барбы
Министр: Кыргызстанда коронавирустун бардык штаммы болушу мүмкүн

Коомдук транспортто, соода түйүндөрүндө бет кап тагынып жатасызбы?

0
(жаңыланган 16:05 25.06.2021)
0